Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Укук коргоочулар Ирандагы демонстранттарга каршы "үрөй учурган аракеттер" тууралуу айтууда

0

Иранда соңку үч жылдан берки эң ири нааразылык акциялары уланып жатканына 10-январда эки апта болду. Бийликке каршы митингдерде алгач экономикалык каатчылыкка байланыштуу талаптар коюлса, азыр саясий ураандар айтылууда.

Өкмөт акцияга чыккандарга каршы күч колдонуп, интернет байланышын өчүрүүдө.

Демонстранттар борбор калаа Тегерандан башка да ири шаарларда көчөгө чыгууда, айрым ооруканаларда жараат алгандардын көптүгүнөн орун жетишпей жатканы маалымдалууда.

Би-Би-Си жазгандай, жараат алгандардын көбүнүн башына, көзүнө ок тийген.

Human Rights Activist News Agency (HRANA) агенттигинин укук коргоочуларынын соңку маалыматына караганда, кеминде 65 кишинин өмүрү кыйылды, алардын 50сү демонстранттар, 15и күч кызматкери. Мындан тышкары, HRANA билдиргендей, камакка алынгандар саны 2311ге жетти.

50 кишинин өлүмү тууралуу маалымат анык экенин кеңсеси Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights (IHRNGO) уюму да ырастап, каза болгондордун тогузу өспүрүмдөр экенин маалымдады.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму кырдаалдын курчушу "жаңы өлүмдөргө жана жабыркоолорго алып келгенин", бийлик интернетти өчүрүп, "адам укугу бузулган үрөй учуруучу окуяларды жаап-жашыруу аракетин көрүп жатканын" 10-январда билдирди.

Ирандык укук коргоочу, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади бийлик "байланышты өчүрүп, адамдарды жапырт өлтүрүүгө даярданып жаткан болушу мүмкүндүгүн" Telegram каналына жазды.

Көчөгө жапырт чыккандар өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеиге каршы ураан таштап, 1979-жылы Ислам революциясында тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлевинин атын айтып, агы колдоосун билдирип жатышат.

АКШда жашаган Пехлеви мекендештерин акцияларын улантууга, экономиканын негизги багыттарында, айрыкча транспорт, газ, энергетика тармактарында иштегендерди жалпы акцияларга кошулууга чакырды, Иранга кайтып барар күнү алыс эместигине үмүттөнүп жатканын билдирди.

28-январда башталган нааразылыкка Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата 80% арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгону айтылган.

Мамлекеттик "Мехр" маалымат агенттиги азык-түлүк баасы жогорулап жатканын, мисалы, тоок эти бир апта мурда 1,69 миллион риал болсо, азыр 2,3-3 миллионго, жумуртканын он даанасы 2,85 миллиондон 4,8 миллионго чыкканын кабарлады.

Азыркы түзүлгөн кризистик абал үчүн Иран бийлиги АКШны айыптоодо. Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Коопсуздук кеңешине жолдогон катында Вашингтон Ирандын ички иштерине "коркутуп-үркүтүү, козутуу жана туруксуздук менен зомбулукту атайылап колдоо" жолу менен кийлигишип жатканын жазган.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү мындай жүйөнү таптакыр негизсиз деп, Тегерандын "реалдуулукту көрө албаган, ички масштабдуу проблемалардан алаксытуу аракети" деп атады.

АКШ президенти Дональд Трамп 9-январда эгер Иранда демонстранттар өлтүрүлө турган болсо сокку уруу тууралуу буйрук берилиши мүмкүн экенин эскерткен.

Хаменеи элге кайрылуу жасап, митингчилерди Трамп козутуп жатканын айтып, “чет өлкөлүктөргө жалданган адамдарга каршы чара көрүлөрүн” айткан. (RK)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net