Швейцарияда өрттөн 40 адам каза тапкан бардын кожоюндарынын бири камакка алынды
9-январда Швейцариянын прокурорлору 40 адамдын өмүрү кыйылган лыжа курортундагы бардын эки кожоюнунун бирин качып кетүү коркунучуна байланыштуу камакка алуу тууралуу буйрук чыгарганын билдиришти.
Прокуратура Кран-Монтана шаарындагы “Le Constellation” барында болгон өрткө байланыштуу анын кожоюндарына каршы кылмыш ишин козгоду.
Бардын ээлери Жак Морети жана Жессика Морети аттуу жубайлар. Алар француз жарандары экенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Түгөйлөр терең кайгыруу билдирип, тергөө менен толук кызматташууга даяр экенин айтышкан.
1-январга караган түнү өмүрү кыйылгандардын жарымынан көбү өспүрүмдөр болгон. Жаракат алган 116 адамдын көпчүлүгүнүн абалы оор.
Курмандыктардын арасында Франция жана Италия жарандары да бар. Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони күнөөлүүлөргө катуу жаза колдонууга чакырды.
Италиянын президенти Сержо Маттарелла жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон жума күнү Мартини шаарындагы эскерүү иш-чарасына Швейцария жетекчилери, курмандыктардын үй-бүлөлөрү жана өрт өчүрүүчүлөр менен бирге катышты.
Күбөлөр менен прокурорлордун айтымында, өрттүн тутанышына фейерверктер себеп болгон. Анын учкундары жертөлөнүн шыбындагы үн изоляциялоочу пенопластка жабышып, жалын тутанган.
Бар беш жылдан бери коопсуздук текшерүүсүнөн өтө элеги өткөн жумада белгилүү болду.
