Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ТИМ Америкага виза алуу үчүн төлөнө турган күрөөгө комментарий берди

0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШга кирүү үчүн B-1/B-2 категориясындагы (туристтик жана иш сапар визасы) визаларга арыз берүүдөгү кошумча талап тууралуу комментарий берди.

ТИМ кыргыз жарандарын каржылык күрөөнүн төлөнүшү АКШга виза берилерине кепил болбой турганын, АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калгандардын күрөөсү кайтарылбай турганын эскертти.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин дагы кеңейткен. Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланган тизме 6-январда жаңыланып, 25 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да кошулду.

Виза үчүн жарандары күрөө төлөй турган өлкөлөрдүн саны 38ге жетти. Борбор Азиядан бул тизмеде Кыргызстандан тышкары Тажикстан менен Түркмөнстан бар.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Мындан тышкары, арыз ээси Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтуруп, төлөмдү АКШнын Каржы министрлигине караштуу Pay.gov расмий платформасы аркылуу жүргүзүшү керек.

Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны азайтууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынды. Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөйт.

Бул чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы кайсы өлкөнүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калганы боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөргө таянуу менен кабыл алынган.

Күрөө төлөп, виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алат. Алар Бостондогу Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди эл аралык аэропорту жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШга барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШда жүрүү шарттарын так сактоого, Американын визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого чакырды. (BTo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net