Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Министрлик “Алтай” шаарчасы курулуп жаткан жер изилденгенин билдирди

0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкекте “Алтай” турак жай шаарчасынын курулуш иштери башталганга чейин инженердик-геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди. Маалымат боюнча, анын жыйынтыгында дренаждык системаны куруу, жер астындагы сууну чыгаруу жана турак жай имараттарын беш кабаттан ашырбай куруу чечими кабыл алынган.

Министрлик сейсмикалык коопсуздук маселелерин Курулуш министрлигине караштуу мамлекеттик департаменттер караганын, Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту менен милдеттүү түрдө макулдашуу талап кылынбай турганын кошумчалады. Мекеме Канат Абдрахматовдун пикири туура эмес экенин билдирип, коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырды.

Мунун алдында Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов “Алтай” шаарчасынын долбоору академиянын Сейсмология институту менен макулдашылбаганын жазган. Ал кабат үйлөрдүн пайдубалы үчүн казылган жерлерге суу толуп калганын, турак жай комплекси түшө турган жер сейсмикалык жактан кооптуу экенин айткан.

Сейсмология институтун да башкарган Канат Абдрахматов бул аймакта суу жер кыртышына аябай эле жакын экени буга чейин эле белгилүү болгонун, ар кандай тобокелдиктерди алдын алуу үчүн атайын инженердик чечимдер керек экенин жарыялаган.

Жакында эле социалдык тармактарда “Алтай” шаарчасынын курулушу башталган жердин асмандан тартылган видеосу тараган. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганын көрүүгө болот. Бул шаарчадан батир сатып алгандар кооптонуп чыгышкан.

“Алтайды” куруп жаткан “Кут” курулуш ишканасы Инстаграмдагы баракчасында бул тууралуу түшүндүрмө берди. Видеодо “Алтай” шаарчасынын курулушун баштоодон мурун компаниянын инженерлери геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, жер астындагы суунун деңгээли, топурактын курамы изилденгени айтылат. Ишкана дренаждык система курулуп, суу толугу менен чыгарыларын, кардарлардын кооптонуусуна негиз жок экенин кабарлады.

Былтыр 20-ноябрда Бишкектин түндүк-батыш ыптасында 234 гектар аянтты ээлеген жаңы “Алтай” турак жай шаарчасынын курулушу башталып, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Маалыматка караганда, долбоор боюнча беш кабаттуу 1551 үй курулуп, жалпы 34 004 батир пайдаланууга берилет. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат. “Кут” курулуш ишканасы батирлердин баары сатылып кеткенин маалымдады. Шаарчада мектеп, бала бакча, бейтапкана, сейил бак, спорт жана балдар үчүн аянтчалар курулат. (BTo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net