Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

AI: Ирандын коопсуздук күчтөрү ооруканага чабуул жасоо менен эл аралык укукту бузду

0

Amnesty International укук коргоо уюму 6-январда жарыялаган билдирүүсүндө Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн Илам шаарындагы ооруканага жасаган чабуулун "эл аралык укуктун ачык бузулушу" деп атады. Уюм нааразылыкка чыккандарга каршы мыйзамсыз күч колдонууга, ок атуучу куралдарды пайдаланууга жана ооруканада дарыланып жаткан адамдарды негизсиз кармоого дароо чек коюуну талап кылды.

Буга чейин "Эркин Европа/ Азаттык" радиосунун Иран кызматы "Фарда" радиосу күбөлөргө таянып, 3-январда Малекшахи шаарындагы митинг учурунда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) күчтөрү демонстранттарга тикелей ок чыгарганын, натыйжада бир нече адам каза болуп, айрымдары жаракат алганын билдирген.

Жараат алгандар Малекшахиде оорукана жок болгондуктан Илам шаарындагы Имам Хомейни атындагы ооруканага жеткирилген. Коопсуздук күчтөрү 3-январга караган түнү ооруканага күч менен кирип барышкан. Ал жерде кагылышуулар 4-январдын таңына чейин уланган.

Amnesty International ишемби күнү кечинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жана атайын полиция бөлүктөрүнүн өкүлдөрү оорукана аймагын курчап алганын билдирди.

"Алар оорукана аймагына көздөн жаш агызуучу газ чачып, айнек эшиктерди талкалап кирип барып, ооруканада болгон бейтаптарды, медициналык кызматкерлерди сабашкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Уюм ишенимдүү булактарга таянып коопсуздук күчтөрү ооруканага бир нече жолу кирип, дарыланып жаткан жарадар демонстранттарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кармап кеткенин билдирди.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти X социалдык тармагындагы фарсы тилиндеги расмий баракчасы аркылуу Иламдагы ооруканага жасалган чабуулду "адамзатка каршы кылмыш" деп мүнөздөгөн.

Расмий Тегеран өлкө батышындагы бир провинцияда башаламандык болгонун тастыктап, коопсуздук күчтөрү ооруканага рейд жүргүзгөнү тууралуу маалыматты моюнга алды.

Ирандын президенти өлкөнүн Ички иштер министрлигине Илам провинциясындагы окуялар боюнча толук иликтөө жүргүзүү үчүн атайын топ түзүүнү тапшырганы маалым болду.

Ирандагы толкундоолордо каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу укук коргоочулардын маалыматына таянып "Aссошиейтед пресс" агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бир аптадан ашуун убакыттан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында 1 200дөн ашуун адам кармалган. Каза болгондордун арасында 29 демонстрант, төрт бала жана коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери бар. Нааразылык акциялары Ирандын 31 провинциясынын 27синде, жалпысынан 250дөн ашуун аймакта катталды.

Толкундоолор 28-декабрда борбор калаа Тегеранда башталган. Буга Ирандын улуттук акчасы риалдын наркынын АКШ долларына карата кескин арзандашы жана инфляциянын 52% чейин өсүшү себеп болгон.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net