Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Politico Трамптын Венесуэлага талаптары тууралуу жазды

0

Дональд Трамптын администрациясы Венесуэланын президентинин милдетин аткарып жаткан Делси Родригеске бир катар талаптарды койду.

Бул тууралуу Politico басылмасы булактарга таянып жазды.

Маалыматка ылайык, АКШ Родригестен маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуну, Ирандын, Кубанын жана "Вашингтонго душман" өлкөлөрдүн агенттерин өлкөдөн чыгарууну, АКШнын каршылаштарына мунай сатууну токтотууну талап кылууда.

Андан тышкары калыс шайлоо өткөндөн кийин Родригестин кызматтан кетери күтүлүүдө. Буга чейин Дональд Трамп жакынкы 30 күндө Венесуэлада шайлоо болбой турганын, "өлкөдө адегенде тартип орнотуу" зарыл экенин билдирген.

Politico'нун булактары Родригес менен кызматташуу үчүн АКШ аскердик чаралар менен катар санкцияларды жумшартып, анын Катардагы активдерин ачууга чейинки ыкмаларды колдонушу мүмкүн экенин айтышкан.

Делси Родригес 3-январга караган түнү Венесуэланын лидери мурдагы лидери Николас Мадуро менен анын жубайы Силия Флорести АКШга алып кеткенден кийин өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. АКШда мурдагы лидер менен анын аялын "наркотерроризм" жана кокаинди импорттоо максатында кутум уюштуруу баштаган төрт берене менен айыптоодо.

Делси Родригес башында АКШнын аракеттерин сындап, Николас Мадурону бошотууну талап кылган. Кийинчерээк Дональд Трампка кайрылуу жасап, венесуэлалыктар "согушка эмес, тынчтыкка татыктуу" экенин билдирген. АКШ өкмөтүн "кызматташуу программасын биргелешип иштеп чыгууга" чакырган.

Анын кайрылуусу Трамп журналисттерге Венесуэла АКШ менен кызматташпаса, жаңы сокку урууга буйрук берерин айткандан кийин жарыяланган. АКШ президенти "Родригес туура чечим кабыл албаса, Мадуродон да жогору баа төлөшү мүмкүн" деп айткан.

Дүйшөмбүдө NBC телеканалына курган маегинде Трамп Венесуэла маселесин жөндөөнү көзөмөлдөй турган топко кайсы америкалык расмий өкүлдөр кирерин жарыялады. Анда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет, Ак үй аппарат башчысынын орун басары Стивен Миллер жана вице-президент Жей Ди Вэнс бар.

АКШ президенти өз өлкөсү Венесуэла менен эмес "маңзат саткандар менен согушуп жатканын" тактаган.

Трамптын айтымында, Родригес Ак үй менен кызматташууда. АКШ президенти Мадуро бийликтен кулатылганга чейин Родригестин айланасындагы адамдар менен америкалык тараптын ортосунда эч кандай байланыш болбогонун да белгиледи.

3-январга караган түнү АКШ аскерлери Венесуэланын борбору Каракастагы аскердик объекттерге сокку уруп, Николас Мадурону жана анын жубайы Силия Флорести кармап кеткен. АКШ бийлиги Мадурону Венесуэланын мыйзамдуу президенти деп тааныбайт жана аны менен Флорести "маңзат террорчулугу", курал сактоого жана маңзат аткезчилигине айыптап келет. Дүйшөмбүдө алар Нью-Йорктогу федералдык соттун алдына биринчи жолу алып келинди.Сот отурумунда Николас Мадуро өзүнүн күнөөсүз экенин, Делси Родригес мураскери катары ант бергенине карабастан, өлкөнүн лидери бойдон каларын айтты.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net