Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Reuters: санкцияга илинген ондой танкер Венесуэладан чыгып кеткен

0

Reuters агенттиги булактарга, документтерге жана TankerTrackers мониторинг кызматынын маалыматына таянып жыл башынан бери АКШ киргизген экспорттук бөгөткө карабастан Венесуэладан мунайзат жүктөлгөн ондой танкер чыгып кеткенин жазды.

Алардын көбү санкцияга илинген, желексиз жүрүп, коопсуздук боюнча документтери жок кемелер болгон. Теңинен көбү венесуэлалык мунайды Кытайга ташыган супертанкерлер. TankerTrackers’тин баамында, бул кемелердин бортуна 12 миллион баррелге жакын оор мунай жана мазут жүктөлгөн.

Танкерлер акыркы токтогон жер жашыруун калган. Декабрда алар Азияга жөнөтүлмөк, бирок бөгөттүн айынан узак убакытка чейин Венесуэланын сууларында токтоп турушкан. Reuters'тин булактарынын маалыматында, Венесуэланын бийлиги кеминде төрт супертанкерге спутниктик көзөмөл системаларын өчүрүп, "караңгы режимде" сыртка чыгып кетүүгө уруксат берген.

АКШ президенти Дональд Трамп декабрдын ортосунда Венесуэлага карай багыт алган санкцияланган танкерлерди бөгөттөгөн. 3-январда америкалык аскерлер Венесуэланын лидери Николас Мадурону кармагандан кийин Трамп мунай эмбаргосу күчүндө кала берерин билдирген. Ал АКШ Венесуэланын ресурстарынан пайда көрүшү мүмкүн экенин, америкалык мунай компаниялары бул тармакты калыбына келтирүүгө кызыкдарлыгын кошумчалаган.

Окуялардын фонунда жекшембиге караган түнү Каракастагы президенттик сарайдын айланасында ок атылганы угулган. CNN телеканалы Венесуэла өкмөтүнө жакын булакка таянып кабарлагандай, коопсуздук күчтөрү белгисиз учкучсуз аппараттарга карай ок аткан. Булактын айтымында, кырдаал көзөмөлдө.

Бийлик борбор калаанын өкмөт жайгашкан кварталындагы министрликтерди жана мекемелерди эвакуациялаган. Ок атышуу вице-президент Делси Родригес өлкөнүн убактылуу президенти катары ант бергенден көп өтпөй болгон. Ак үй Венесуэладагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатканын билдирип, бирок Каракастагы атышууга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net