Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Орусия кыйраган AZAL учагы боюнча кылмыш ишин токтотту, Баку жооп берди

0

Орусиянын Тергөө комитети Казакстандын аймагында кырсыктаган Azerbaijan Airlines (AZAL) авиакомпаниясынын учагы боюнча тергөө иштерин токтотту.

Бул тууралуу Minval Politika басылмасы Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовго шилтеме берүү менен кабарлады.

Министрдин айтымында, Орусиянын Тергөө комитети авиакырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Азербайжан тарапка кат жөнөткөн. Бирок каттын мазмуну түшүнбөстүк жараткан.

"Катта кылмыш иши токтотулганы көрсөтүлгөн. Албетте, мындай кадам бизде абдан олуттуу суроолорду жаратат", - деди Байрамов. Анын айтымында, бул катка Азербайжандын тиешелүү органдары расмий жооп берген.

Тышкы иштер министри Азербайжан бул окуяга байланыштуу Орусия өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарат деп үмүт кыларын баса белгиледи.

"Учакка сокку урулган фактыны Орусия тааныган, бул үчүн кенемте төлөнөрү айтылган. Бул маанилүү билдирүү болгон. Биз бул процесс аягына чыгат деп күтөбүз", - деди Жейхун Байрамов.

J2-8243 каттамынын кырсыкка учурашынын бир жылдыгына карата Казакстандын Транспорт министрлиги алдын ала отчёт жарыялады. Комиссиянын корутундусуна ылайык, учактын гидравликалык системасы "катуу предметтерге урунган металлдын үзүлүшүнөн улам" жабыркаган.

"Учакка согуштук куралдын сокку уруучу элементтеринен улам зыян келтирилген, бирок алардын кимге таандык экени аныкталган жок", - деп айтылат отчётто.

Комиссия учактын техникалык тейлөө боюнча борбордук компьютериндеги кассетадагы маалыматтарды талдай алган эмес. Буга "жылуулук таасири", башкача айтканда, жогорку температурадан улам түзмөктүн бузулушу себеп болгон. Комиссиянын акыркы отчёту Казакстандын Транспорт министрлигинин сайтына жарыяланары айтылганы менен так датасы көрсөтүлгөн эмес.

2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Чеченстандын борбору Грозныйга учуп бара жаткан Embraer J2-8243 учагы Казакстандын Актау шаарына жакын жерге кулаган. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29у жараат алган.

Каза болгондор арасында Казакстандын алты, Азербайжандын 25, Орусиянын жети жараны болгон. Алгач кырсыктын себептерине байланыштуу ар кандай божомолдор айтылган. Кийинчерээк Азербайжандын президенти Илхам Алиев учактын кыйрашына орус тарап жооптуу экенин билдирип, Москвадан күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин азери учагынын кырсыкка кабылышы үчүн кечирим сурап, бирок жоопкерчиликти өзүнө алган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Дүйшөмбү шаарында Илхам Алиев менен жолукканда Путин кырсык Орусиянын абадан коргонуу каражаттары аткан ракетанын айынан болгонун моюнга алган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net