Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Күйөөсү мыкаачылык менен өлтүргөн Жибек Урустемованын ишин мындан ары УКМК иликтейт

0

Күйөөсүнүн огунан мерт болгон Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишин андан ары ички иштер органдары эмес, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) иликтейт. Бул тууралуу атайын кызмат 26-декабрда кабарлады.
Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен борбордук аппаратта тергөө тобу түзүлгөнүн, кылмышка шектүү, мурдагы милиция кызматкери атайын кызматтын тергөө абагына которулганы айтылат.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда үч баланын энесин анын күйөөсү травматикалык курал менен атып өлтүргөнү талкууланып жатат. Кылмышка шектүү ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери экени дагы коомдо талкуу жаратты. Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен бул фактыга байланыштуу козголгон кылмыш иши атайын кызматтын борбордук аппаратына алынды, иликтеп-тергөө тобу түзүлүп, иликтөө башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум келинге убактылуу коргоо ордери берилгенине жана кылмышка шектүү травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүргөнүнө, сактаганына байланыштуу жаңы жагдайлар белгилүү болду. Кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына которулду. Иликтөөнүн жыйынтыгында убагында аракет көрбөгөн, мыкаачылык менен адам өлтүрүлүшүнө жол берген адамдар аныкталып, аларга юридикалык баа берилет",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Камчыбек Ташиев адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин эскерткен. Ташиев мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү экенин белгилеген.

Анын алдында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиевдин келиндин өлтүрүлүшү тууралуу билдирүүсү талкуу жараткан. Милиция башчысы кандуу окуяга ичимдик себеп болгонун билдирген. Социалдык тармактарда аны "кылмышкерди актап жатат" деп айыптагандар дагы болгон.
Кандуу окуя 23-декабрда кечинде Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде болгон. Күйөөсү тапанча менен атып салгандан кийин аял алган жараатынан ошол жерден мерт болгон.

Ошол күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгон. Маркум келиндин жакындарынын билдиришинче, соттук отурумда аял жарашпай турганын, ал эми күйөөсү чогуу жашагысы келерин айткан. Маркум келин ошол күнү 47ге чыкан.

Милицияга келиндин жакындары кайрылган жана кылмышка шектүү ошол батирде кармалган.

Мурдагы милиция кызматкери, кылмышка шектүүнүн жакындарынын билдиришинче, маркум келин анын экинчи никеси болгон жана ортосунда үч бала бар. Жарандык никелерин кошкондо шектүү төрт ирет аял алган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгогон.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net