Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2025

Президент Жапаров Кыргызстанда кытай жарандары көбөйгөн себебин түшүндүрдү

0

Президент Садыр Жапаров кытай жарандары Кыргызстанга чоң долбоорлордун курулушу үчүн келип жатышканын айтып, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Бишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушунун башталыш аземине катышкандан кийин билдирди.

Чогулган элдин азыноолак суроосуна жооп берген Жапаров кытай жарандары өлкөдө завод, темир жол, жол куруп жатканын айтты:

"Кокуй эле кокуй, кытай басып кетти" дешет. Алар "басып алайын" деп келишкен жок. Заводдорду, жолдорду, темир жолдорду куруп жатышат. Бизге ал нерселер аба менен суудай керек да. Өмүр бою үңкүрдө жашагандай жашай берелиби? Темир жол бүткөндөн кийин дүйнөгө чыгабыз. Бул долбоорлор бүтсө биз анан дүйнөлүк экономикага таасир эте баштасак болот. Ошону туура түшүнөлү, ошону балдарга, жаштарга айткыла", - деди президент.

15-ноябрда “Чайна Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыккан.

Жаракат алгандардын бири - Бишкек шаарынын 20 жаштагы К.А. аттуу тургуну ооруканага кайрылган. Анын абалы орто оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы мушташка байланыштуу Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козгоп, 44 адам милицияга жеткирилген. Анын 16сы убактылуу кармоочу жайга камалган. Бишкек шаардык соту кармалгандар эки айга, 15-январга чейин камалганын билдирген.

Окуядан кийин соцтармактарда кытайлыктарга каршы маанай күчөп, укук коргоо органдары жарандарды чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырган.

Президент Садыр Жапаров 18-ноябрда мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине кыска маек куруп, айдоочулар катышкан мушташ боюнча суроого жооп берген. Бул окуяны ал чагым деп атаган жана мамлекеттин чет элдиктерди көзөмөлдөөгө толук күчү жете турганын белгилеген. Мамлекет башчы "шайлоо алдында бир нерсе уюштурууну көздөгөн чагымчыл топтор бар экенин, алар катуу кетсе камалышарын" айткан.
Тышкы иштер министри Жээбек Кулубаев "Кабарга" Кыргызстанда соңку учурда иштеп жаткан кытайлыктар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк экенин, алар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлордо иштеп жатышканын маалымдаган.

Кулубаев УТРКдагы маеги учурунда өлкөгө туристтер жана жумуш орундары жетишпеген учурда кыргыз компаниялары чет элдик жумушчуларды чакырып жатканын, буга уруксат бар экенин белгиледи. (КЕ)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net