Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2025

Иран МАГАТЭнин резолюциясына жооп кайтарарын эскертти

0

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңеши Иран ядролук куралды жайылтпоо милдеттенмелерин аткарбай жатат деген резолюция кабыл алды. 12-июнда кабыл алынган чечим БУУнун Ислам жумуриятына каршы санкцияларын жандандырууга жол ачышы мүмкүн. 35 мүчөдөн турган кеңештин жыйынында АКШ, Британия, Франция жана Германия сунуш кылган документти 19 киши колдоду, үчөө каршы добуш берди, 11и калыс калды. Буга чейин ушундай резолюция акыркы жолу 2005-жылы кабыл алынган.

Тегеран бул чечимди сындап, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги уран байытуу боюнча жаңы ишкана коопсуз тилкеде ачыларын, жаңы муундагы заманбап центрифугалар ишке киргизилерин билдирди.

Резолюцияга ылайык, Иран расмий жарыяланбаган өзөктүк материалдар жана жайлар жаатында агенттик менен кызматташуу милдеттенмесин 2019-жылдан бери аткарбай келатат.

Ислам жумурияты МАГАТЭнин аткаруучу кеңешинин жаңы кадамы АКШ менен ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрүнүн 5-айлампасын өткөрүүгө кандай таасир этерин айткан жок. Сүйлөшүүлөр 15-июнда Оманда жүрмөкчү.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи АКШнын макулдашуу тууралуу сунушун “улуттук кызыкчылыктарга каршы келет” деп четке каккандан кийин Тегеран өзүнүн шарттары үстүнөн иштеп жатат.

11-июнда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өлкө өзөктүк курал жасабайт деген кепилдикти көздөгөн келишим эч качан ишке ашпасын билдирди.

Ошол эле маалда министр Тегеран жарандык атомдук энергия программасы үчүн уран байытуу укугун сактап калышы керек деп белгиледи. АКШнын президенти Дональд Трамп макулдашууга андай пунктту киргизүүгө каршы. Байытылган уран курал жасоодо да колдонулушу ыктымал.

Ислам жумурияты ядролук аракеттери аскердик эмес, жай турмуштук максаттарды гана көздөрүн айтып келет.

Ак үйгө кайтып келгенден бери АКШнын президенти Дональд Трамп бул багытта кысымын күчөттү жана сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса санкциялар катаалдаштырыларын, Иранды бомбалоого чейин барарын эскерткени бар.

Америкалык лидер региондогу жарыша куралдануунун, Израилге ыктымал коркунучтун жаралышын алдын алуу үчүн Ислам жумуриятынын өзөктүк курал чыгаруу дараметин чектөөнү кездөйт.

2015-жылы Америка жана башка дүйнөлүк державалар Иран менен келишим түзүп, анын уран байытуусуна чектөө коюлган, ордуна экономикалык санкциялар жеңилдетилген. Бирок Трамп 2018-жылы Вашингтонду бул макулдашуудан бир тараптуу чыгарып,“тарыхтагы эң жаман келишим” деп атаган жана Ирандын өзөктүк куралга ээ болушун алдын албай турган макулдашуу катары мүнөздөгөн.

Ал өзү жана ошол кездеги администрация өкүлдөрү Иранды "баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин маңызын бузду” деп айыптап жүрүшкөн.

Трамп ошондой эле бул макулдашуунун алкагында Тегеранга карата жоюлган санкцияларды кайра калыбына келтирген.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net