Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025

Министрлердин чет өлкөгө сапарлары пайдасыз болуп жатканы тууралуу сын айтылды

0
2024-жылы 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Мындан улам кыргыз өкмөтү учурда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдерин карап жатат. Анын ичинде айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралууда. Бул тууралуу администрациядагы президенттин жана өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов коллегиялык жыйында билдирди. Жыйында мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүлүп, чет элдик иш сапарларга кеткен чыгашаларды оптималдаштыруу маселесине көңүл бурулганын өкмөттүн басма сөз кызматы 21-февралда кабарлады.



Осмонов бул багыттагы баяндамасында чет өлкөлүк иш сапарларды уюштуруудагы бир катар олуттуу кемчиликтерди белгиледи.



"2024-жылдын аягына карата 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Учурда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдери каралып жатат, анын ичинде айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралууда", - деп билдирген Азамат Осмонов.



Осмонов алдын ала талдоонун жыйынтыгына таянып, жетекчилердин чет өлкөгө жасаган сапарлары өлкөгө сезилерлик пайда алып келбей жатканын жана бюджетке олуттуу чыгым кылганын белгилеген.



Ал орунсуз жана айрым мекемелерге тиешеси жок иш-сапарларга уруксат берилбегенин кошумчалады.



Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары сынга кабылды.



"Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2024-жылы жалпысынан 32 жумушчу күндүн ичинде 10 эл аралык сапарга чыккан. Тактап айтканда, Австрияга 8 күндүк иш сапары болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жана кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча эч кандай конкреттүү жыйынтык болгон эмес. “Келечек үчүн билим берүүгө” 200 миллион долларды тартуу маселеси дагы деле талкууда. Министрдин 2024-жылдын май айында Улуу Британияга сапарында 400 миң доллар окуу китептерине жана министрликке кошумча каржылоо тартуу максаты ишке ашкан эмес", - деп белгиледи Азамат Осмонов.



Догдургүл Кендирабева президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылы сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.



Былтыр ноябрда Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берилген. Буга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн  милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы негиз болгону белгиленген. (КЕ)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net