Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов протоколго кол коюшту

0
 21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги менен өткөн жыйында топографиялык жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо боюнча укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жетекчилеринин маалыматтарын угуп, тиешелүү протоколго кол коюлду.


Тараптар төмөнкү долбоорлорду бекитти:



Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.




Тараптар эки тараптуу эл аралык келишимдерди макулдашуунун жол-жобосун баштоого тапшырма беришти.




2024-жылы 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.



Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 11-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айткан. Бирок азырынча ал парламентке түшө элек.



Президент Садыр Жапаров 13-декабрда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маек берип, “талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду” деп айткан.



Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин 11-февралдагы маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы такталганын, жол жана суу объектилеринин маселеси талкууланып жатканын айткан.



Башкы дипломаттын сөзүнө караганда, Ворух жана Исфара ортосунда жол салуу, “суу объектилерин пайдалануу” боюнча маселе талкууланып жатат. Ал “суу объектилерин колдонуу кандай уюштурулары чечилүүгө тийиш” деп кошумчалаган.



Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (КЕ)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net