Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Шаардык сот Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

0
Бүгүн 21-январда Бишкек шаардык соту №1 тергөө абагында отурган Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Адвокаттар Биринчи май райондук сотунун Султанбековдун кармалышынын мыйзамдуулугу жана аны абакка камоо тууралуу буга чейинки чечимине каршы апелляциялык арыз жазышкан. Бул тууралуу Султанбековдун партиялашы Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазды:



"Бул жолу дагы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сот залына кирүүсүнө, видео тартуусуна тыюу салынды. Адвокаттар бул чечимге каршы дагы арызданууга ниеттенүүдө жана аны талап кылып келишет".


Атамбаев Султанбеков сотко конвойдун жардамы менен, таяк таянып келгенин кошумчалады.




Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта.



Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган. Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.



Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.


9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.



Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан. Адвокат анын ден соолугу начарлап, өз алдынча баса албай калганын билдирген.



Жазаларды аткаруу кызматы "Темирлан Султанбековдун абалы канааттандырарлык" деп бааланып жатканын "Азаттыкка" билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы ал тергөө абагынын медицина кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө экенин кошумчалаган. (КЕ)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net