Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Казакстанда "Сатира кылмыш эмес" деген жазуу менен чыккан активисттер кармалууда

0
21-январда активист Сергей Зинченко Казакстандын түндүгүндөгү Костанай шаарындагы Казак драма театрынын алдында кармалганын "Наша газета" басылмасы жазды. Зинченко “Сатира кылмыш эмес” деген жазуусу бар күрмө менен чыккан.




Басылма театр алдына дароо акимчиликтин, милициянын жана прокуратуранын кызматкерлери барып, "уруксатсыз аракеттерди токтотууну" талап кылышканын жазды.


Сергей Зинченко аларга "бул пикет же митинг эмес, перфоманс" экенин айтып, бул кадамын Алматыда камакка алынган QazNews24 сатиралык коомдук баракчасынын автору Темирлан Енсебекти колдоо аракети деп түшүндүрдү.


Зинченко аталган театрда 20-кылымдагы саясий туткундардын лагери тууралуу "АЛЖИР" спектакли коюлуп жатканына байланыштуу ошол жерге чыкканын билдирди.


"Биз азыркы окуяларды ошол учур менен салыштырсак болот. Ошондуктан мен бул жерди тандап алдым. Учурда көз каранды эмес блогерлер менен журналисттер камалып жаткандыктан аларды колдоп чыктым. Аларга карата жүргүзүлүп жаткан саясат мыйзам бузуу", - деди активист.


Активистти полиция кызматкерлери кармап кеткени кабарланды.


Ушул эле күнү дагы бир активист Акмарал Жакибаева камалган журналисттерди колдоп Алматыдагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын алдына плакат көтөрүп чыкты. "Азаттыктын" казак кызматы жарыялаган видеодон Жакибаева “Сатира кылмыш эмес” деген жазууну көтөрүп турганын көрүүгө болот.




"Темирлан Енсебекке Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси боюнча жаза катары жети жылга эркинен ажыратуу чарасы каралган. Казакстандын жарандык коомчулугу бул берене саясий куугунтук үчүн колдонулуп келерин айтып, кескин сынга алган. Бирок жарандардын бул пикирин эч ким эске албай келет. Бийлик элдин тынч митингдерге, чогулуштарга болгон укуктарын чектөөдө", - деди активист.


"Азаттыктын" казак кызматы Жакибаеваны полиция кызматкерлери кармап кеткенин жана ал, баштапкы маалымат боюнча, Алматынын Алмалы районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин жазды.




20-январда Темирлан Енсебекти колдоп жалгыз пикетке чыккан журналист жана активист Асем Жапишеваны сот 15 суткага камоо чечимин чыгарган.


19-январда Енсебекти колдоп пикетке чыккан дагы бир журналист Руслан (Рус) Бикетов 15 суткага камалган. Ага тынч "жыйындарды өткөрүү тартибин бузган" деген айып тагылган.


18-январда Алматы соту Инстаграмдагы QazNews24 сатиралык баракчасынын автору Темирлан Енсебекти эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ага "социалдык тармактарда этнос аралык кастыкты козуткан" деген берене менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


Темирлан Енсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти. (AiA)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net