Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Аксыда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө

0
9-январдан 10уна караган түнү, саат 01:30 чамасында "Тез жардам" кызматы Аксы районунун Үч-Коргон айылдык ооруканасына денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон 51 жаштагы аялды жеткирген.


Жараатынан улам аял эртеси саат 9:22де ооруканада жан берген. Дарыгерлер маалыматты райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) нөөмөт бөлүмүнө кабарлашкан.



10-январда райондук милицияга маркумдун бир тууганы кайрылып, карындашынын өлүмүнө күйөөсүн айыптап, ага карата мыйзамдуу чара көрүүнү суранып, даттанган.



Бул иш Аксы РИИБнин бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен катталып, кылмыш иши козголгон. Анын алкагында кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү 51 жаштагы жаран кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.



Милиция бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлады.


2024-жылдын 31-декабрына караган түнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө Суу-Башы айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну (И.Ч. аял киши) денесинен жаракат алып түшкөнү тууралуу маалымат келген. Милициянын сурагы учурунда жабырлануучунун күйөөсү (32 жаштагы М.Б.) аялы менен пикир келишпестиктен уруша кеткенин билдирген.



Милиция келиндин абалы туруктуу орто экенин, ал өзүнө кол салганын, эч кимге арыз-доосу жок экенин айтканын жана тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. 6-январда баткендик блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасына дарыгер келинди жолдошу бычактап салганын жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү талап кылган.


Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.




Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).



Былтыркы жылдын 12 айы боюнча маалымат азырынча чыга элек.(TB/ZKo)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net