Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

"Мемориал" уюму Алсу Курмашеваны саясий туткун катары тааныды

0
“Мемориал" укук коргоо уюму 18-октябрдан бери Орусиядагы убактылуу кармоочу жайда отурган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашеваны саясий туткун катары тааныды. Бул тууралуу 30-ноябрда "Idel.Реалии" сайты жазды.


Курмашева “чет өлкөлүк агент” катары катоодон өтүүдөн баш тартканы деген кине менен айыпталууда. Ал Орусияда бул айып тагылган алгачкы журналист.


"Бул берененин өзүн, “чет өлкөлүк агент” институтун мыйзамсыз деп эсептейбиз”, – деди укук коргоо уюмунун “Саясий туткундарды колдоо. Мемориал” долбоорунун башчысы Сергей Давидис.


Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны.


Журналист 23-октябрда Казан шаарынын Совет райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Адвокат соттон ага карата эркинен ажыратпаган бөгөт чара тандоону өтүнгөн.


31-октябрда Татарстандын Жогорку Соту аны 5-декабрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.


Орусиянын Тергөө комитети Курмашевага 26-октябрда “чет элдик агент катары катталуу милдетин аткарган эмес” деген айып таккан. Тергөөчүлөр журналист өзү чет элдик агенттердин тизмесине кошуу үчүн документ тапшырышы керек эле деп эсептешет. Бул Орусияда журналистке ушул берене менен козголгон алгачкы кылмыш иши.


Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.


"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Курмашеванын кармалышын кескин айыптады.


Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Мындай чакырыкытарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.


Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волга-Урал аймагындагы аз улуттардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча программаларды даярдап келген.


 




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net