Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Мамлекеттик мүлк фонду "Альфа Телекомду" баалоо үчүн сынак жарыялады

0
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" (MEGA бренди) ишканасын баалоочу компанияны тандоо үчүн сынак жарыялады. Мындай жарыя 20-декабрда мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.


Андагы маалыматка ылайык, арыздар 2023-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат. Баалоо үчүн 7 млн. 800 миң сом белгиленген. Тандалган компания тиешелүү документтерди алган соң 45 күндүн ичинде баалоо иштерин бүтүрүшү керек.


Фонддун башчысы Мирлан Бакиров "Азаттыкка" билдиргендей, MEGA мамлекет сатыкка коё турган 30 ишкананын катарында, буга чейинки сынактарда талапка жооп берген баалоочу компания чыккан эмес.


"Буга чейинки сынактарда талаптарга жооп берген компаниялар чыккан эмес. Эми баалоочу аныкталса, ал алгач компанияны баалайт. Андан соң мыйзамга ылайык комиссия түзүлөт. Кийин компанияны сатуу ачык аукцион, сынак же түз сатуу механизмдери менен каралышы мүмкүн. Азыр аны баалоо жөнүндө гана сөз болуп жатат", - деди Бакиров.


Бакиров MEGA убагында 19 миллиард сомго бааланганын, азыркы наркы 14-15-миллиард сом болушу мүмкүн экенин быйыл ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айткан. Компаниянын так баасы баалоо иштеринин жүрүшүндө билинерин кошумчалаган.


Ал былтыр июлда Жогорку Кеңештин отурумунда Улуттук банк "Альфа Телекомду" сатып алышы мүмкүн экенин билдирген. Анын алдында Министрлер кабинети менчиктештирүү жараянынын баштапкы баскычы катары "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын (РСК банкы) акцияларын сатууну сунуштаган.


Мындан көп өтпөй Улуттук банктын ошол кездеги төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Альфа Телекомду" Улуттук банк сатып албай турганын билдирген.


Былтыр май айында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган.


Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат. Аталган фонддун маалыматына ылайык, мындай ишканалар былтыр жалпысынан 11,097 миллиард сом киреше тапкан.


Анын басымдуу бөлүгүн "Манас" эл аралык аэропорту (4 млрд), "Кыргызалтын" (2,7 млрд), "Кыргызнефтегаз" (2 млрд) жана "Альфа Телеком" (1,5 млрд) берген.


Мурдагы "Мегаком" бренди быйыл декабрда MEGA болуп өзгөргөн. Компания аталышынын өзгөрүшүн ребрендинг иштери менен байланыштырган.





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net