Стамбулдагы жардырууга шектүү кармалды
Түркиянын Стамбул шаарындагы жардырууга шектүү катары бир киши кармалды. Бул тууралуу “Анадолу” мамлекеттик агенттиги кабарлады. Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу “бомбаны калтырып кеткен киши камакка алынганын" билдирген. Түрк бийлиги жардырууну теракт катары иликтеп жатат.
Стамбулдун борбордук бөлүгүндөгү Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан алты киши каза таап, жараат алгандардын саны 80ден ашты. Жардыруу 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20 чамасында Таксим борбордук аянтына жакын жерде болгон.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымалдыгын билдирген.
Эрдоган Балиге “Чоң жыйырманын” (G20) саммитине жөнөп жаткан жеринен Стамбулдагы “Ататүрк” аэропортунда басма сөз жыйынын өткөрдү.
Жардыруу жергиликтүүлөр жана туристтер үчүн популярдуу саналган Истиклал көчөсүндө болгон.
"Бомбаны аял киши жардырган. Бул террордук акт экенин көрсөтөт. Андан алты киши набыт болду. Жараат алгандардын саны өсүүдө. Учурда 81 кишиге жетти, алардын экөөнүн абалы оор”,-деди вице-президент Фуат Октай.
Октайдын айтымында, жардыруу болгон жерде төрт киши мүрт кеткен. Экөө ооруканада үзүлгөн. Түрк бийлиги “мунун артында ким турса дагы аныкталып, жоопко тартыларын” билдирүүдө.
Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Социалдык тармактарга тараган видеодо Истиклал көчөсүндө кишилер качып баратканын көрүүгө болот. Ошондой эле жардыруу болгон учур дагы тартылган. Алыстан көрүнгөн видеодо асманга жалын көтөрүлүп, жардыруунун үнү угулат.
Бул көчөдө көптөгөн ресторан жана дүкөндөр жайгашып, дайыма эл жык-жыйма болот. Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алган.
Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу жардырууда жабыркагандардын жана набыт болгондордун арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди. Дипломатиялык мекеме түрк бийлиги менен байланышта экенин маалымдады.
Истиклал көчөсүндө 2015-2016-жылдары дагы кол салуулар болгон. Аны өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ моюнуна алганы кабарланган эле. Акыркы жолу Стамбулдагы теракт 2017-жылы 1-январда болгон. Анда Стамбулдагы түнкү клубга кирип келген киши автоматтан ок чыгарып, 39 адамды атып өлтүрүп, 69ун жарадар кылган.
Буга Өзбекстанда туулган Абдулкадыр Машарипов айыпталып, эки жыл мурун 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратылып, ал баш-аягы 1368 жылга кесилгени маалымдалган.