Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Каракалпакстанда өзгөчө абал режими алынды

0
Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан автономдук республикасынын аймагында киргизилген өзгөчө абал режими 21-июлдан тартып алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматы кабарлады.


Анда аталган республиканын Жогорку Кеңешинин кайрылуусун, аймакта коомдук кырдаалдын турукташуусун эске алуу менен президент режимди мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алганы белгиленет. Мурдараак Каракалпакстандын парламенти өзгөчө абал режимин алууну жана тополоңго тиешеси жок жарандарга ырайым кылууну өтүнгөн.


Каракалпакстан борбору Нукустагы окуялар 1-2-июлда болду. Анда демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылып, 500дөн ашык киши кармалган, кийин бир нечеси коё берилген. Алгач 18 киши каза болгону, алардын төртөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени маалымдалган. Кийин акцияларда жараат алган дагы үч адам каза болуп, курмандыктардын саны 21ге жетти. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден ашык. 


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукустагы тополоңго байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.


Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу жоюлганы жаткан.


Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.


Буга чейин Евробиримдик, АКШ, БУУ жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. (ErN)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net