Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Адвокат министрдин кеңешчиси абакта негизсиз отурганын маалымдады

0
Кызматтан убактылуу алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованын негизсиз камакта отурганын айткан жактоочусу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасында соттун документтерин жарыялады.


Соттун бөгөт чарасы жөнүндө чыккан чечиминде Тилекованы айыптоо негиздемеси жазылган. Бирок Абакиров ал документте айтылгандар негизсиз, эч кандай кылмыштын курамы жок экенин "Азаттыкка" билдирди.


"Акчаны баары өз калоосу менен чогултуп, кафеде отурушкан. Анан ошол жерден кармап кетип жатпайбы. Ал кафенин акчасын дагы алып кетишкен. Кафенин ээлери акчабызды качан берет деп жазып жатышат. Эч кандай коррупция жок", - деди жактоочу.


Укук коргоо органдары адвокаттын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек. 


Мээрим Тилекованын бөгөт чарасы 28-июнда Ысык-Көл облустук сотунда каралып, абакта калган. Жакындары анын ден соолугу начарлап кетти деген негизде үй камагына чыгарууну өтүнгөн.


Ага чейин Каракол шаардык соту 15-июнда аны бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган.


Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган. Ага карата тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.


12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун “Азаттыкка” министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.


13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Министр ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын билдирген. (TSh)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net