Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Шри-Ланканын президенти кызматын тапшырбай өлкөдөн качып кетти

0
Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса массалык акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, шаршемби күнү таңга жуук өлкөдөн качып кетти. Ал Куралдуу күчтөрдүн учагы менен Мальдив өлкөсүнө келгени маалымдалды.


Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо 9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана аскердик-деңиз күчтөрүнүн коргоосунда экени кабарланган эле.


Андан соң парламенттин жетекчилиги жана чоң партиялардын лидерлери чукул жыйынга чогулуп, өлкөдө жаралган кырдаалда президенттин отставкага кетишин талап кылышкан. Президент Ражапакса бул сунушту кабыл алып, 13-июлда кызматын тапшырып берүүгө макул болгон. Ага чейин президенттин отставкасын кабыл алуу боюнча даярдык иштери жүрөрү айтылган. Мунун фонунда бир нече министр да кызматтан кетерин жар салган.


Ражапакса кызматтан кеткенин айтпай кеткен чакта премьер-министри Ранил Викремесингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизгенин маалымдады. Демонстранттар премьердин өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылышууда. Алар Коломбодогу өкмөт үйүн басып алууну көздөп жатышат.


22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Өлкө башка жактан сатып алчу газ үчүн да төлөм бере албай калган, натыйжада элге көгүлтүр отун жетпей калган. Башка энергоресурстардын тартыштыгы да жаралган.


Бийлик бул үчүн коронавирус пандемиясын айыптап, өлкөгө туристтер мурдагыдай көп барбай калганын, ошондуктан киреше азайып кеткенин жүйө келтирүүдө.


Шри-Ланка Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган. (ErN) 




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net