Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Март
2022

Орусияда бийлик "Фейсбукту" “экстремисттик” деп тапты

0
Москванын Тверь райондук сотунун судьясы Ольга Солопова америкалык Meta компаниясына каршы укук коргоо органдарынын доосун карап, аны “экстремисттик” деп тапты. Бул тууралуу чечимди судья 21-мартта кабыл алды.


Соттун чечимине ылайык, корпорация ээлик кылган Facebook менен Instagram тармактары Орусияда толук бөгөттөлөт. Орусияда Facebook 4-марттан баштап, Instagram 14-марттан баштап жабылган эле. Сот чечиминин WhatsApp мессенжерине тиешеси жок.


Мунун алдында Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Meta корпорациясынын ишмердүүлүгүнө толук тыюу салууну талап кылган. ФСБнын өкүлү мындай талапты Москванын Тверь райондук сотундагы отурумда билдирип, компаниянын ишмердүүлүгү Орусияга жана анын куралдуу күчтөрүнө каршы багытталганын жүйө келтирген.


Мурдарак прокуратура Meta компаниясын "экстремисттик уюм" деп атап, америкалык компаниянын жабылышын соттук отурумда да жактаган. Алар Facebook менен Instagram түйүндөрүн өчүрүүнү сунуш кылып, байланыш каражаты болгону үчүн WhatsApp платформасына бул чектөөнүн тиешеси жок деп айтышкан. Meta компаниясынын өкүлү алардын юристтерине кошумча убакыт сурап, соттук кароону жылдырып турууну өтүнгөн болчу.


Орусияда Meta корпорациясына каршы соттук доолорго жана ага караштуу социалдык түйүндөрдү бөгөттөөгө анын контентиндеги эрежелер себеп болгон. Социалдык түйүндөрдө украиналык колдонуучуларга орусиялык аскерлерге зомбулук көрсөтүү жана каргап-шилөө тууралуу чакырыктарга уруксат берилген. Кийин компания русофобияга жана Орусиянын жарандарына жасалган дискриминацияга жол бербей турганын билдирип, жаңы эрежелер убактылуу киргизилгенин жана Украинанын аймагында гана мүмкүн экенин маалымдаган. (ErN)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net