Көкбөрү: "Нооруз" турнирин Жогорку лигада "Ынтымак" жеңди (видео)
КӨК БӨРҮ | Ынтымак - Сары-Өзөн | Жогорку лига. ФИНАЛ
Бул лигада алты команда ат салышты. 3-орунду "Достук", 4-орунду "Ала-Тоо", 5-орунду "Мурас", 6-орунду "Көк-Жал" командасы алды.
"Нооруз" турниринде Жогорку лиганын оюндарынан сырткары 40 жаштагылар арасында, Биринчи лигада жана АКШдан келген ковбойлор менен Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн оюндары болду.
Биринчи лиганын финалын “Бакубат-Талас” командасы утту. Финалда ал “Ийгилик” командасы менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңип алды. Бул лигада быйыл жалпысынан 21 команда ойноду.
АКШдан келген ковбойлор менен Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн көрсөтмө оюндарында биринчи беттеште 6:5 эсебинде жергиликтүү көкбөрүчүлөр утса, экинчи оюнда 8:6 эсебинде ковбойлор жеңишке жетти.
Бул оюндар “Көчмөн менен ковбой бирге жарышта” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналып уюштурулду.
Нооруз майрамына арналган республикалык ат оюндарынын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарынан сырткары Баткен шаарында да өттү. Баткендеги көкбөрү турниринде 12 команда ат салышты. (ECh)
