Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыгарыла баштады

0
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында барган жоокерлерди Казакстандан чыгаруу аракеттери башталды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.


13-январда Алматы шаарында аскерлерди узатуу иш-чарасы өттү. Анда сырттан келген күчтөрдүн тынчтыкты сактоо жана стратегиялык объектилерди коргоого багытталган аракеттерине ыраазычылык айтылды.


Бул күнү кайсы өлкөнүн аскерлери чыгарылып кетери так айтылган жок. Кыргызстандын аскерлери 14-январда учуп кетишери мурдараак кабарланган. Аскерлердин жалпы контингенти он күн аралыгында чыгып кетери гана маалымдалды.


Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин өсүп кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Кийин ал башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолду. Эң негизги тополоң Алматы шаарында болду.


Буга байланыштуу 6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. 6-январда Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түшсө, 7-январда уюмга кирген Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү барган. Токаев 11-январда мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.


Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы нааразылыкка чыкканын” айтышкан.



Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.


Акыркы маалыматтарга ылайык, тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. (ErN)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net