Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Карганбек Самаковду актады

0
Бишкек шаардык соту 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актады жана мүлктөрүн камактан чыгарды.


Жогорку сот өткөн айда анын ишин кыскартуу тууралуу Бишкек сотунун өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра экинчи инстанцияга жөнөткөн. Анда прокурорлор айыптоо корутундусунан баш тартканына байланыштуу иш кыскарганы айтылган.



Өткөн жылдын башында Жогорку сот ошол кезге чейинки Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген.



Экс-депутат 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген. Анын ишине байланыштуу дагы башка кызмат адамдары камалып, соттолгон. Анын уулу Кубанычбек, санаалаштары катары айыпталган Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев да сегиз жылга эркинен ажыратылган.



Сот иш боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга түрмөгө кесүүгө өкүм кылган.



Кылмышка тиешеси бар деп айыпталган экс-премьер-министр, мурдагы депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев беш миллион сомдон айып пул төлөп, эркиндикте калган.



Самаков 2019-жылы жазында мунапыс жана тергөө абагында отурган күндөрүнүн эсебинен түрмөдөн бошотулган болчу. Депутаттын тарапкерлери ал кезде Самаков кызмат адамы болбогонун жана коррупциялык схеманы уюштурууга ыйгарым укугу жоктугун жүйө келтиришкен.



Башы прокуратура Самаковго кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган Самаков Бишкектин жака белиндеги 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергенин билдирген.



Маалыматта "экс-депутат кызмат адамдары менен өз ара келишип алып иш алып барган коррупциялык схеманы түзүү менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев сыяктуу таасирдүү байланыштарды колдонуу аркылуу арзан баадагы жер аянттарын алып, мыйзамсыз трансформациядан кийин кымбат баада сатып, жыйынтыгында 8 миллион доллардан ашуун пайда көргөнү иликтенип чыкканы" айтылган.



Башында Самаков айыл чарба багытындагы айдоо аянттарын турак жай категориясына которуу үчүн ири инвестиция тартыларын айткан. Ал Лебединовкада “Силк-Роуд” бизнес борбору, “Лаззана” гольф клубу, Байтик айылында аквапарк сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду убада кылган. Самаков мунун негизинде өлкөдө жүздөгөн жумуш орундары түзүлүп, мамлекетти ири салык түшөт деп ишендирген. Бирок ал долбоорлор ошол бойдон кагазда калган.




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net