Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Батыш менен Орусиянын Украина боюнча үчүнчү сүйлөшүүсү да ийгиликсиз аяктады

0
Украинанын чек арасында орус аскерлеринин топтолгонуна байланыштуу кырдаалды жеңилдетүү боюнча Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму (ЕККУ) менен Орусиянын өкүлдөрүнүн 13-январда Венадагы жолугушуусунда тараптар бир пикирге келе алышкан жок.


Бул аталган темага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы болуп саналат. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Экинчи айлампага НАТОго мүчө 30 мамлекеттин мүчөлөрү жана АКШнын өкүлдөрү катышкан.


Жолугушууларда орус тарап койгон “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтому каралды. Москва аскердик альянска “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.


Бул жолугушууларда АКШнын, ЕККУнун жана НАТОнун өкүлдөрү Түндүк Атлантикалык аскердик уюмдун кеңейишин токтотуудан баш тартышты. Орусия да бекем позициясынан кайткан жок.


Москванын делегациясын жетектеп келген Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 13-январда RTVI каналына “бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болбогондон кийин Батыш менен жаңы сүйлөшүүлөр раундун белгилештин зарылдыгы жоктугун” айтты.


НАТОго АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө. Былтыр жайда ага Украинаны кошуу маселеси каралган.


Мындан көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан. (ErN)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net