Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2021

Тажикстан: бийликти сындагандар камакта

0
Быйыл жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон тогуз жылга эркинен ажыратылды. Жыл башында 14 жылга кесилген оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаев президент Рахмондун жаза мөөнөтүн кыскартуу мунапысынан баш тарткан.


Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Тажикстанга депортациялангандан кийин кармалган. Расмий маалыматка караганда, активистти кармоого "бизди алдап кетти" деген бир нече кишинин арызы себеп болгон.


Ушул аптада Дүйшөмбү шаардык соту Амонду тогуз жылга эркинен ажыратты. Анын адвокаты Саидбурхон Шарипов соттун бул чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирди.


"Мунапыс тууралуу мыйзамга "алдамчылык" беренеси да киргизилгендиктен, ага ырайым берилет деп күтүп жатканбыз. Соттун бул чечимине таң калып турабыз. Ошондуктан өкүмгө байланыштуу апелляция беребиз. Бул өкүм мыйзамсыз, эч кандай мыйзамга жана нормативдик актыларга туура келбейт", - деди адвокат.




"Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылган укук коргоочунун жакындары да өкүмдү адилетсиз деп эсептешет.


Иззат Амондун 77 жаштагы апасы Ашурбиби Холова Тажикстандын жогорку жетекчилиги бул ишке кийлигишсе, өкүмдүн жокко чыгарыларынан же жумшартыларынан үмүт артууда.


“Менин уулум эч кимди алдаган эмес. Ушул убакыт аралыгында балама даттанып эч ким үйүмө келген жок. Биз Иззатты бошотуу үчүн гана иште көрсөтүлгөн сумманы төлөдүк. Биз анын эркиндикке чыгышын күтүп жатканбыз, бирок андай болгон жок. Мен Тажикстандын президентинен бул ишти кайра карап чыгууга тапшырма беришин суранам”, - деди Ашурбиби Холова.


Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап жүрчү.


Ал арада тажик президенти Эмомали Рахмон өлкөсүнүн эгемендигинин 30 жылдыгын утурлай жазага тартылгандарга мунапыс жарыялаган. Ага ылайык, 16 миңден ашуун киши тизмеге кирип, анын 11 миндейи эркиндикке чыгат.




Алардын катарына негизинен аялдар, 18 жаштан кичүү жана 55 жаштан жогору курактагылар, майыптар, оор илдеттери барлар, мамлекеттик сыйлык менен сыйлангандар, согуш ардагерлери, чет өлкөлүк жарандар кирген.


Деген менен жыл башында 14 жылга кесилген тажикстандык оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаев ага каралган мунапыс документтерине кол коюудан баш тартып, күнөөсүн моюнга албай келет.


Одинаевдин уулу Хабибулло Ризоев "Азаттык" радиосунун тажик кызматына атасынын саламаттыгы абакта начарлаганын, учурда ал түрмөнүн ооруканасында жатканын кабарлаган.


Эске салсак, Дүйшөмбү шаарындагы Рудаки райондук соту 28-январда Одинаевдин уулу Хабибулло Ризоев да "Бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 8 миң сомони (беш миң доллар) айыпка жыгылган. Ата-бала Одинаевдер өздөрүнө коюлган айыптарды моюнга албай келет.




Ал эми Махмурод Одинаевдин тарапташы, 28 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровдун абактагы мөөнөтү дагы төрт жылга кыскартылганы кабарланды.


Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2016-жылы Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 28 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ал эми дагы 11 жыл абак мөөнөтүн өтөйт. Ёровго "көз боёмочулук", "документтерди мыйзамсыз жасоо" жана "президентке акарат келтирүү" деген бир нече айып коюлган. Ал айыптарды четке каккан.


Сентябрда баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму Тажикстандын бийлигинен 16 жылга кесилген, журналист жана "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти Хикматулло Сайфуллозодага мунапыс берип, эркиндикке чыгарууну талап кылды.




"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жан Кавелье "Сайфуллозода саясий жүйөдөн улам кесилген, ал дагы 10 жыл абакта отурушу керек. Темир тор артында адам чыдагыс шарттарга кабылды. Мунапыс берип, эркиндикке чыгаруу анын өмүрүн сактап калмак. Азыр анын коомго жана бийликке эч кандай коркунучу жок", - деп билдирди.


70 жаштагы Хикматулло Сайфуллозодага быйыл июнда түрмөнүн ооруканасында жүрөгүнө операция жасалган. Анын жубайы өп-чап турмуштун айынан күйөөсүнө дары-дармек жеткире албай калганын "Азаттыктын" тажик кызматына айтып берген.


Абактардагы абалды иликтеген эл аралык борбордун (ICPS) маалыматы боюнча, Тажикстанда 9,5 миңдей адам түрмөдө жатат. Чөлкөмдө Өзбекстан жаза аткаруу жайларында эң көп адам камалган өлкө болуп саналат. Анда абакта 44 миңге жакын киши отурат.





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.net — международная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net