Орусиянын Мамдумасы “саясат менен алектенгендерди” чет өлкөлүк агент катары таанууга уруксат берди
Орусиянын Мамлекеттик думасы 23-декабрда үчүнчү окууда кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, эми кайсы бир жарандар же коомдук бирикмелер “чет өлкөлүк мамлекеттин кызыкчылыгында” же эл аралык уюмдардын кызыкчылыгында “саясий ишмердик менен” алектенчү болсо, Орусиянын аскердик ишмердиги жаатында маалымат жыйнаса, же чет өлкөдөн каржылык колдоо алчу болсо, анда алар “чет өлкөлүк агент” катары таанылууга тийиш.
Шаршембиде (23-декабрда) кабыл алынган дагы бир мыйзамга ылайык, эгерде жекече тараптар агент катары атайын тизмеге киргизүү тууралуу арыз жазбаган болсо, жана өз ишмердиги тууралуу баяндама бербеген болсо, анда алар беш жылга чейинки мөөнөттө абакка кесилиши мүмкүн деген шарты бар кылмыш жазасы белгиленди. Ушул эле мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк агент саналган маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да эки жылга чейинки мөөнөткө абактык жаза каралган.
Орусиянын аскердик тармагы жаатында маалымат чогултту деген доого кабылгандар үчүн кылмыштык жоопкерчилик дароо киргизилет. Калган доолор боюнча алгач акимдик жаза, андан соң кылмыш жазасы каралган.
Орусиянын мыйзамдарында “саясий ишмердик” жаатындагы аныктама бүдөмүк жазылгандыктан, мамлекеттик бийлик өлкөдө агартуу, саламаттык сактоо жана экология тармактарында иш алып барган уюмдарды деле куугунтукка алышы ажеп эмес.
“Чет өлкөлүк агент” тууралуу Орусиянын мыйзамдары укук коргоочулар, эл аралык уюмдар, кесиптик кошуундар тарабынан кескин сынга алынып келет. Орусиялык төбөлдөр менен депутаттар болсо “бул сыяктуу мыйзам АКШда деле бар” деп жооп кайтарып келишет.
Бирок АКШда чет өлкөлүк агент тууралуу мыйзам жазалоочу маңызга ээ эмес. Анын үстүнө “чет өлкөлүк агент” деген сөз айкашы англисче “чет өлкөлүк өкүл” маанисинде бейтарап айтылса, орусча вариантта “чет өлкөлүк тыңчы” деп көбүнесе терс мааниде кабыл алынат. (TT)