АКШнын аскер учагы Украинанын үстүнөн "кезексиз" учту
Америкалык учак Украинанын үстүнөн 6-декабрда учкан. Бул тууралуу Пентагон билдирди.
Расмий маалыматка караганда, АКШнын учагы Украинанын үстүнөн “адаттан тыш” аскердик байкоо боюнча эл аралык келишимдин чегинде учту.
Америкалык тарап ошондой эле бул кадамын “АКШнын Украина жана башка өнөктөш өлкөлөр алдындагы милдеттенмесин ырастоо” деп да түшүндүрдү.
Пентагон ошондой эле өз учагынын Украина үстүнөн учушу Орусия Кара деңизде украин кемелерине “кол салып”, анын “чагымчыл жана коркуткан ишмердүүгү күчөп турган” учурда болгонуна да көңүл бурду.
2002-жылдан бери “Ачык асман” деп аталган келишим ага кол койгон 34 өлкөгө бири экинчисинин аба мейкиндигине куралсыз учактар менен байкоо салуу максатында учууга жол берет.
Бул учуу тууралуу күн мурунтан кабарланат. Бирок эки мамлекет бири экинчисине уруксат берсе адаттан тыш жана мурда мерчемделбеген каттам жүргүзүүгө да мүмкүндүк бар.
АКШнын учагы Украина үстүнөн учканы жарыяланганга чейин CNN телеканалы Вашингтон Кара деңизге аскердик кеме жиберүүнү караштырып жатканын да маалымдаган. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
25-ноябрда Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.
Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. (UE)