Ала-Букадагы шамал 550дөн ашык имараттын чатырын алып кетти
Жалал-Абаддын Ала-Бука райондагы ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры жабыркады. Шамалдын кесепетинен 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарындагы турак жайлардын 40 пайызы жабыркаган.
Дарактар кулап, электр линиялары үзүлгөн. Аймактарда келтирилген зыянды аныктоо максатында комиссия иштеп жатат. Алдын ала эсептер боюнча материалдык зыян 6 миллион сомго чамалайт.
Учурда шамал жүргөн аймактарда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов баштаган бийлик өкүлдөрү жүрөт.
Бул маселе ишемби күнү праламенттин кезексиз жыйынында да көтөрүлүп, депутаттар өкмөттү табигый кырсыктын кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө чакырышты.(RsK)