Добавить новость
123ru.net
World News
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Бишкек: 1-класска окуучуну катталган жериндеги мектеп гана кабыл алат

0

2026-2027-окуу жылына 1-класска балдарды каттоодо Бишкек шаары үчүн өзгөчөлүктөр кирди. Агартуу министрлиги кабарлагандай, 1-апрелден башталган биринчи баскычта 1-класска балдарды киргизүү жол-жобосу Бишкек шаары үчүн өзгөртүлдү.
Министрликтин мектептеги билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулмановдун журналисттерге билдиргенине караганда, зоналдык микроучасток деген жобо быйылкы жылга Бишкек шаарынан алынды:

"Быйыл Бишкектеги ата-энелер балдарын 1-класска өздөрү жашаган микроучастогуна тиешелүү мектепке гана каттайт. Кийинки этапта бош орун болгон башка мектептерге да балдарын каттай алышат. Бул чечим Бишкек шаарындагы элдин санынын көптүгүн эске алуу менен, бардык мектептерде балдардын тең бөлүнүшүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды".

Музулманов бул чечим шаардык билим берүү департаментинин жана башка адамдардын кайрылуусунун негизинде киргизилгенин кошумчалап, ата-энелерди түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничин билдирди.

Кыргызстанда бүгүн 1-апрелден тартып 1-класска балдарды кабыл алуунун биринчи баскычы башталды. Ага ылайык, 2019-жылы жана 2020-жылы туулган балдарды ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү өздөрү жашаган аймактагы мектептерге каттай алышат.

Бишкектеги ата-энелер 1-апрелден тартып катталган жерине жакын жайгашкан айрым мектептер тиркемеде чыкпай жатканына даттанышкан.

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде "Электрондук жазуу" кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлөт.

-биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алынат.
- экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынат.

Биринчи баскыч 1-апрелде башталды, экинчи баскыч 1-июндан тартып жүрөт.
Бала 1-класска кабыл алынган кезде мектеп анын билимин текшерүүгө укугу жок. Билимин аныктоочу тест, сынак, аңгемелешүү ж.б. жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ата-энелер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларын айтып арызданып келишет.

Былтыр 12 жылдык билим берүү системасына байланыштуу айрым балдар туулган жылына карап дароо эле 2-класска отурган.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (ZКo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net