Добавить новость
123ru.net
World News
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк маселеси ЖКда көтөрүлдү

0

Кыргызстанда берилип жаткан жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү Европа өлкөлөрү тааныбай жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында да көтөрүлдү.

Депутат Нуржамал Төрөбекова ага Европада оор жүк ташыган автоунаа айдаган жана башка транспорт тармагында иштеген кыргызстандыктар кайрылып, айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыргандан кийин маселе болуп жатканын айтышканын билдирди.

“Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр эл аралык стандарттарга, анын ичинде эл аралык конвенцияларга канчалык шайкеш келет? Европа мамлекеттери менен айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу боюнча эки тараптуу келишимдер барбы? Бул маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен көзөмөлгө алып, ыкчам чечимдерди кабыл алып берсеңиздер”, - деди ал.

Айрым кыргызстандыктар жаңы күбөлүктү айрым Европа өлкөлөрү тааныбай жатканын айтып, арызданышууда.

31-мартта мамлекеттик мекемелер басма сөз жыйынын өткөрүп, бул маселе боюнча түшүндүрмө берген. Президенттин иш башкармасынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов Кыргызстан жаңы күбөлүктү басып чыгарардан мурун дүйнөлүк стандарт талап кылган бардык техникалык талаптарды сактаганын, ал бардык мамлекетте таанылышы керектигин айткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүлөрү бардык мамлекеттерге, анын ичинде Европа өлкөлөрүнө да жиберилгенин кабарлаган.

Айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү реформанын алкагында ушул жылдын январь айынын орто ченинен тарта жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштаган. Анын мурдагы күбөлүк менен өңү жана түзүлүшү боюнча айырмасы чоң. Күбөлүктү басып чыгаруу, реформа кылуу иши менен Президенттин иш башкармасы алектенип жатат. (BTo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net