Ош көчөсүнүн курулушу башталды
Ош шаарында Манас Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Калаа мэриясынын маалыматына караганда, мэр Жанарбек Акаев жол шаар үчүн эң маанилүү жана артыкчылыктуу жолдордун бири экенин белгиледи.
Долбоорго ылайык, Ош көчөсү Ж.Раимбеков көчөсүнөн Т.Касымбеков көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп кеңейтилет. Ошондой эле Ош эл аралык аэропортуна алып баруучу кошумча жолдордун бири болуп кызмат кылат.
Көчөнүн жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, кеңдиги 24 метрге чейин кеңейтилет. Эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана жашыл аймактар каралган.
Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин калаада курулуп жаткан бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өткөн. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 17-мартта Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушкан учурда билдирген.
Орунтаев башталган курулуштардын бардыгы аягына чыга турганын, кошумчалаган.
Буга чейин Ош мэриясынын курулуш компанияларына карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалымат чыгып, аны мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев четке каккан. 9-мартта “Азаттыкка” курган маегинде ал Оштун карызы баш-аягы 2 млрд 200 млн сомдун айланасында экенин билдирген. (КЕ)
