Добавить новость
123ru.net
World News
Март
2026

Президенттин администрациясы Абдыкеримовдун кайрылуусун териштире баштады

0

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу Президенттик администрация кабардар.

Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат жазуу жүзүндө берген жообунда.

Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт” жана “Томми молл” боюнча кайрылуу жасаган. Ал бул объект төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин жазган.

Ушундан кийин УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Таймурас Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке каккан. Таймурас Ташиев Абдыкеримовдун президентке кайрылуусун “биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы” деп сыпаттаган.

Көп өтпөй буга Абдыкеримов жооп берип, ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын Фейсбук баракчасына жазган.

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады. Буга чейин коомчулукка дээрлик жабык болгон, бир канча жылдан бери сыртта жүргөн, эл арасында “Шаки” деген кыска ат менен таанылган ишкер анда өзүнүн башынан өткөргөн негизги саясий окуяларды, бизнесинен кантип кол жууганын тизмектеп жазган. Ал УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда камакта отурган Элдар Жакыпбековду айыптаган. Абдыкеримов ошондой эле бир катар саясатчылар тууралуу да сөз кылган.

Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирген.

Атайын кызмат 2025-жылы “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго таандык 10 миллиард сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын кабарлаган. УКМК “Аю” узак убакыт бою салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын билдирген.

2024-жылы “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “Аю” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкери жазага тартылган. Ал эми ишкананын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго издөө жарыяган. (KS)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net