Добавить новость
123ru.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

1-апрелден тартып айрым бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы жогорулайт

0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык (“Бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”), айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгы 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эки этап менен жогорулайт.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 1-апрелден тартып техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Министрлер кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынуучу билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо чөйрөсүнүн кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт. Маалыматта ал теңдештирүү, тегеректөө жана 1 ставкага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдү белгилөө менен көбөйтүлүп жатканы белгиленген.

Бюджеттик мекемелердин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы, укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн жалданма жана жарандык персоналы үчүн 1 ставкага 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.

Ал эми 1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлери үчүн үстөктүн өлчөмү 50% чейин көбөйтүлөт. Бул кошумча каражат иштин татаалдыгы жана сапаты үчүн, кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн, ченемге салынбаган (графиктен тышкары) иш күнү үчүн берилет.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилет.

Ал эми компенсация төмөнкү мекемелердин кызматкерлерине тийиштүү эмес:
Укук коргоо органдары, Куралдуу күчтөр жана башка аскердик түзүмдөр;Пробация департаменти жана Юридикалык жардам кызматы;Гидрометеорология кызматы жана Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору;Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы жана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти,"АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси;Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү, президенттин Иш башкармалыгы жана атайын статусу бар мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү;Жергиликтүү соттордун судьялары;Салык кызматы, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги.

Буга чейин дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрү айтылган. Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта парламентте “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөрүн айткан.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2025-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 42 019 сом болду.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 40 миң сомго жетпей турганын айтышат. (КЕ)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net