Добавить новость
123ru.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

УКМК "Оргтехстрой" ишканасынын издөөдө жүргөн башкы директору кармалганын билдирди

0

Улуттук коопсуздук комитети "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын башкы директору И.К.М кармалды" деп 25-мартта билдирди.

Маалыматта аталган ачык акционердик коомунун 1968-жылы туулган башчысы, Кыргызстандын жараны 24-мартта кармалганы, ал ишкананын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырганы айтылат. Ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржы жетишсиз экенин билип туруп, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан, бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен. "Эки жакка сатуу" деп аталган бул схема Кыргызстандын жарандарына олуттуу материалдык зыян келтирген. Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылуулары негиз болгон. Шектүүгө мурда эл аралык издөө жарыяланган", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Атайын кызмат тараткан И.К.М деген инициал "Оргтехстрой" компаниясынын негиздөөчүсү, курулушчу, ишкер Канат Исмаиловдун аты-жөнүнө дал келет.

2022-жылы мартта социалдык тармактарда Исмаиловдун видеокайрылуусу тараган, анда ал УКМК менен укук коргоо органдарынын кысымына кабылганын айткан. "Кыйын кезең келди - адам тагдырын, анын мүлкүн, бизнесин бир тергөөчү же контордун (атайын кызмат ред.:) бир кызматкери чечип атат. Менде кетүүдөн башка жол жок", - деп билдирген анда.

Исмаилов бир нече күндөн кийин Кыргызстандан АКШга чыгып кеткени айтылган.

УКМК жана тиешелүү органдар ишкердин дооматына комментарий берген эмес.

2025-жылы июнда аталган курулуш компаниясынын директору Азамат Мелисов алдамчылыкка шек саналып кармалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган.

"Оргтехстрой" компаниясы, кармалган ишкердин жакындары, адвокаттары УКМКнын акыркы маалыматына байланыштуу комментарий бере элек.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net