Добавить новость
123ru.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда аэрокосмостук маалымат алууга багытталган мамлекеттик компания түзүлөт

0

Министрлер кабинети "Кыргыз спутник" ачык акционердик коомун түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Аэрокосмостук маалыматтарды алуунун жана пайдалануунун улуттук системасын түзүүгө багытталган мамлекеттик ишкананын негиздөөчүсү жана жалгыз акционери болуп Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аныкталды. Бул тууралуу аталган министрлик 24-мартта кабарлады.
Маалыматка караганда, жаңы түзүлгөн компания жаратылыш ресурстарын башкарууда космостук технологияларды колдонот жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн негизги куралы болот.

"Долбоор улуттук аэрокосмостук маалыматтарды алуу жана пайдалануу системасын түзүүгө багытталган. Бул жерди пайдалануу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу тармактарында чечимдерди так жана ыкчам кабыл алууга мүмкүндүк берет. Келечекте бул спутниктик маалыматтарды айыл чарбасында, суу ресурстарын башкарууда жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүүдө кеңири колдонууга жол ачат", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргыз спутник" ишканасы Каракол шаарында жайгашат.

Акыркы он жылда Ысык-Көл өтө тездик менен тартылып баратканы дароо көзгө урунат. Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, мөңгүлөрдүн азайышынан улам Ысык-Көлгө куйган ондогон өзөн-сайлар соолуп калды.

Борбор Азиядагы жерди изилдөө институтунун маалыматына караганда, акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16%, ири мөңгүлөрдүн аянты 17% кыскарган.
Былтыр март айында жарыяланган БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласында Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Атласта белгиленгендей, абанын температурасынын көтөрүлүшү менен табигый кырсыктардын да саны көбөйгөн. Өлкөдө орто эсеп менен 200 өзгөчө кырдаал катталса, анын 90% суу ташкыны, жер титирөө, жер жана кар көчкүлөрү болгон.

Адистер соңку жылдары климаттын өзгөрүшү менен жайкы аба ырайы жаз мезгилине жылганын айтууда. (КЕ)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net