Добавить новость
123ru.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Бишкектин Ленин райондук сотунда Тажибек кызынын иши карала баштады

0

Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашык убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумушчу тобуна ыраазычылыгын билдирди.
Журналист бул тууралуу 23-мартта, Бишкектин Ленин райондук сотунда жараянга онлайн катышардын алдында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Махабат Тажибек кызы өзүнүн иликтөөлөрү журналистиканын эл аралык стандарттарына шайкеш жасалганын белгиледи.

БУУнун негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Кыргызстандын бийлигин Махабат Тажибек кызын абактан бошотууга чакырган. Топтун чечимине байланыштуу Махабат Тажибек кызынын адвокаты анын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жана толук жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 10-мартта Махабат Тажибек кызына карата буга чейинки чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарган. Ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө чечим чыгарып, райондук сотко жиберген.

23-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Махабат Тажибек кызына карата кылмыш иши боюнча алдын ала соттук отурум башталды. Журналисттин адвокаты Асел Аргымбаева аны токтоосуз бошотуу тууралуу эл аралык коомчулуктун жана укук коргоо уюмдарынын сунуштарынын аткарылышын талап кылууда.
Адвокат Аргымбаева сотко төрт өтүнүч келтирерин “Азаттыкка” билдирип, анын бири Махабатты эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотуу экенин белгиледи.

Махабаттын соту жабык өтүп жатат, ал өзү отурумга онлайн катышууда. Махабат Тажибек кызы азыркыга чейин Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында экени, тергөө абагына которула электиги маалым болду.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 18-декабрында бул өкүмдү ырастаган чечимин чыгарган. Жогорку сот аны 2025-жылдын 25-февралында күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.
Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.
Эки жылдан бери абакта отурган Махабат Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулу азыр таенесинин колунда.(KS/ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net