Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2026

Трамп Кубага байланыштуу АКШда өзгөчө абал жарыялады

0

АКШнын президенти Дональд Трамп Кубадан "улуттук коопсуздукка коркунуч келип жатканына" байланыштуу өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул документ Кубага мунай саткан же башка жолдор менен жеткирген өлкөлөрдүн товарларына кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүгө шарт түзөт.

Ак үйдүн билдирүүсүндө Куба бийлиги "бир катар касташкан мамлекеттер менен кызматташып", алардын аскердик жана чалгындоо объектилерин өз аймагына жайгаштырып келгени айтылат.
"Мисалы, Кубада АКШнын улуттук коопсуздугуна тиешелүү купуя маалыматтарды уурдоо менен алектенген, Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири радиоэлектрондук чалгындоо борбору жайгашкан", - деп билдирди АКШ президентинин администрациясы.

Мындан тышкары, билдирүүдө Куба ХАМАС жана "Хезболла" сыяктуу террордук уюмдарга башпаанек берип келет деген доомат да айтылган.

"Режим саясий оппоненттерин куугунтуктап, кыйноого алат, сөз жана басма сөз эркиндигин танат, кубалык элдин азабынан коррупциялык жол менен пайда көрөт жана коммунисттик идеологияны жайылтуу аркылуу бүткүл аймакта башаламандык жаратат", - деп жазылган билдирүүдө.

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья расмий Гавана АКШнын аралга күйүүчү май жеткирүүгө толук бөгөт коюу аракетин кескин айыптай турганын билдирди. Анын айтымында, Трамптын администрациясы өз аракеттерин актоо үчүн Кубаны коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

"АКШ башка өлкөлөрдү да Кубага каршы эл аралык деңгээлде кеңири сынга алынган блокада саясатына кошулууга мажбурлоо үчүн шантаж жана басым көрсөтүү ыкмаларын колдонууда. Макул болбогон мамлекеттерге негизсиз жана адилетсиз бажы төлөмдөрүн киргизүү менен коркутуп жатат, бул эркин сооданын бардык эрежелерин бузат", - деп жазды Паррилья X социалдык тармагында.

The Wall Street Journal Трамптын администрациясы Куба өкмөтүнөн 2026-жылдын аягына чейин азыркы режимди кулатуу боюнча келишим түзүүгө жардам бере ала турган таасирдүү адамдарды издеп жатканын жазды. Буга чейин АКШга Каракаста операция өткөрүп, Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорести кармоого Венесуэла бийлигине жакын адам көмөктөшкөнү кабарланган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net