Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Майыптыгы барлардын жана аларды караган ассистенттердин акчасын көбөйтүү маселеси коюлду

0

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулун жана аларды караган жеке ассистенттердин айлык маянасын көбөйтүү тууралуу маселе Жогорку Кеңештин 21-январдагы отурумунда көтөрүлдү.

Депутат Марлен Маматалиев ушул тапта майыптыгы бар адамдар алып жаткан жөлөк пул жана аларды караган жеке ассистенттердин айлык акысы аз экенин белгиледи.

"Майыптыгы бар адамдарды караган жеке ассистенттин айлыгы 7 миң сом. Бул акча бүгүн эчтекеге жетпейт. Эгер туугандары көп болсо го жакшы, бирок майыптыгы бар баласын же башкасын карап отурган жалгыз адам болсо, экөө бул акчага кантип жашайт? Майыптыгы бар адамдар да биздин жарандарыбыз", -деди Марлен Маматалиев.

Депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, бул маселени чечүүгө көмөктөшүүнү сурады. Ал ошондой эле майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборлорун көбөйтүүнү да сунуштады.

Майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулу 2022-жылы эки эсе көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алардын орточо жөлөк пул суммасын жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылып жатканын былтыр күзүндө билдирген.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулунун орточо суммасы 6 411 сом.
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, Кыргызстанда жашоо минимуму 8 769 сомду түзөт.
Статистикага караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын саны 218 миңге жетет, бул калктын 3% түзөт. Алардын ичинен 38 миңи 18 жашка чыга элек балдар. Байкоочулар майыптыгы барларга берилген жардам, камкордук жана жөлөк пул аз экенин белгилешет.

"Жеке ассистент" кызматы 2019-жылдан баштап бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлөт. Башында мамлекет аларга 4900 сом төлөп берсе, 2022-жылы бул сумма 6268 сомгө көтөрүлгөн. 2024-жылдын 1-июлунан тарта көмөкчүлөргө ай сайын 7 681 сом төлөнүп келе жатат.

Бүгүнкү күндө жеке ассистенттин кызматынан 15 миңге чукул адам пайдаланууда. Алардын ичинен 9,5 миңи майыптыгы бар балдар, 5,5 миңи бала чагынан бери 1-топтогу майыптыгы бар чоң адамдар.(ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net