Бишкекте окуучуну урган мугалим окуя боюнча түшүндүрмө берди
Бишкектеги №87 мектепте окуучуну уруп-соккон мугалим окуя тууралуу түшүндүрмө берди. Ал 16-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №7 милициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүрүүдө.
Кыргыз тили сабагынан берген мугалим окуя 14-январда болгонун, окуучуга теманы бир нече жолу түшүндүргөнүнө карабай ал жооп бере албай койгондуктан ачууга алдырып чаап жибергенин айтты. Буга байланыштуу баланын ата-энесинен кечирим сурады.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кабарлады. Окуучунун ата-энеси мугалимге каршы арыз жазуудан баш тарткан.
Окуяны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде түзүлгөн комиссия да иликтеп жатат.
15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылды.
Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган. (BTo)
