Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Милиция Манас шаарында асынып алганы айтылган келиндин өлүмү тууралуу маалымат берди

0

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы соцтармактарда асынып каза тапкан келин тууралуу милиция маалымат бербей жатат деген билдирүүлөр чыккандан кийин окуяга байланыштуу кабар таратты.

Анда 10-январь күнү Манас шаарынын 40 жаштагы тургуну И. В. аттуу аялдын сөөгү өз үйүндө асынган абалда табылганын шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) "Тез жардам" кызматы кабарлаганы жазылган.

Маалыматка караганда, бул фактыны Манас шаардык милициясынын тергөө кызматы электрондук журналына каттап, тергөөгө чейинки териштирүү иштерин баштаган. Анын жүрүшүндө, маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Фейсбукта айрым активисттер асынып каза болгону айтылган келиндин денесинде көгала тактары болгонун, башы жарылганын, ата-энеси кызынын өлүмүн териштирүүнү өтүнүп, шаардык милицияга кайрылганын жазып чыгышкан.

Бул соңку бир аптада Жалал-Абад облусунда шектүү жагдайдагы экинчи аялдын өлүмү. Буга чейин соцтармактарда Сузак районунун тургуну 3-январда күйөөсүнүн колунан каза тапканы, бирок милиция бул тууралуу ачык маалымат бербей жатканы тууралуу посттор жазылган. Облустук милициянын басма сөз кызматы 12-январда кечке жуук маалыматты ырастап, тергөө жүрүп жатканын, маркум келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалганын кабарлады.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.(ZKo)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net