Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамп Венесуэладан АКШга 30-50 млн баррел мунай жөнөтүлөрүн айтты

0

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэланын өткөөл бийлиги Кошмо Штаттарга жогорку сапаттагы 30-50 миллион баррел мунай берерин 7-январда билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө жазды:

“Венесуэладагы убактылуу бийлик Америка Кошмо Штаттарына 30 миллиондон 50 миллион баррелге чейинки жогорку сапаттагы, санкцияланган мунайды өткөрүп берерин кубаныч менен жарыялайм. Бул мунай базар баасында сатылат жана Венесуэла менен АКШ элинин пайдасына колдонулушун камсыз кылуу үчүн ал акчаны Америка Кошмо Штаттарынын президенти катары мен көзөмөлдөйм!”.

Трамп АКШнын энергетика министри Крис Райттан бул планды токтоосуз аткарууну суранганын, мунай атайын кемелер менен алынып, түз эле АКШдагы жүк түшүрүүчү докторго жеткирилерин кошумчалады.

Адистер белгилегендей, Венесуэлада дүйнөдөгү далилденген эң көп мунай запастары бар. 2005-жылга бул өлкө АКШга эң негизги мунай сатуучу болчу. Бирок ошол кездеги президенти Уго Чавес 2007-жылы өлкөнүн өнөр жайын улутташтырып, анын ичинде Венесуэлада иштеп жаткан америкалык компаниялардын мүлкүн конфискациялагандан кийин кырдаал кескин өзгөргөн.

3-январда АКШ Венесуэлада аскердик операция өткөрүп, президенти Николас Мадурону жана дагы бир нече кишини алып кеткенден кийин Трамп АКШнын компаниялары "бул өлкөгө барып, миллиарддаган доллар сарптап, талкаланган инфраструктурасын калыбына келтиришет" деп жарыялаган.

6-январда Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес өлкө сырттан көзөмөлдөнүп жатат деген дооматтарды четке какты. "Биздин өлкөнү Венесуэла өкмөтү башкарат, башка эч ким эмес. Венесуэланы эч кандай чет элдик актер башкара албайт", - деди ал.

5-январда Нью-Йорктун федералдык сотунда Венесуэланын бийликтен кулатылган президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес боюнча алгачкы соттук отурум өттү. Мадурого, анын жубайына жана дагы төрт кишиге АКШга карата наркотерроризм, кокаин импорттоо, курал-жарак сактоо жана колдонуу тууралуу төрт пункттан турган айып тагылган. Ал өзү да, жубайы да эч кандай айыбы жок экенин айтып жатышат. Судья алардын бөгөт чарасын камак түрүндө калтырды.

Венесуэлада, ал тапта, жети күндүк аза күтүү жарыяланды. Өлкө бийлиги АКШнын 3-январдагы аскердик операциясы учурунда 24 венесуэлалык аскер кызматкери каза болгонун айтууда. (RK)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net