Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Садыр Жапаров "10-11-класстык билим берүүнүн миссиясы аяктаганын" айтты

0

Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүшү глобалдык талап экенин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.

Президент бул биринчиден, бүткүл дүйнөлүк стандарт болсо, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы экенин белгилеген.

2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат аларын, мектепти аяктаган балдар дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегени үчүн чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатканына токтолгон.

"Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кире албай, дүйнөлүк эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоодон өксүдүк. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11-класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адистерди даярдоо - бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек. Эрте кесипке ээ болгон система", - деген Жапаров.

Ал мектептерде окуучулар батпай жатканына 12 жылдык билим берүүнүн тиешеси жоктугун, бул маселе демографияга жана ички миграцияга байланыштуу экенин белгилеген.

Буга мисал катары 2015-жылы окуучулардын саны 1 043 356 болсо, 2025-жылы 1 536 633гө жетип, 500 миңге өскөнүн мисал келтирген.

Мурдагы жылдары 1–2-класстарга 140–150 миңдей бала кабыл алынса, 2025-2026-окуу жылында 1-класска 106015, 2-класска 124 593 окуучу кабыл алынганына токтолгон.

Жапаровдун айтымында, 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлгөн. Анын ичинен 60 мектептин, 28 бала бакчасынын курулушу жүрсө, 41 мектеп жана беш бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

16 мектептин, 13 бала бакчанын (29 объект) курулушуна ар кандай каржы булактар (өнүктүрүү фонддор, жергиликтүү бюджет, демөрчүүлөр ж.б.) акча бөлгөн. Жалпы өлкөдө республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактардан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлгөн.

2022-жылы Бишкекте 15 мектеп курулса, жаңы жылда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында алты мектеп салынарын кошумчалаган.

Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөрүн, мындан сырткары, өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча барын айткан. 2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерине ишендирген.

2025-2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирген. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган. (ST)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net