Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстанда былтыр 18 миң тоннадай өсүмдүк майы өндүрүлдү

0

Былтыр Кыргызстанда өсүмдүктөрдөн май алуучу беш жаңы ишкана ачылды. Алардын экөө Нарында, калгандары Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Аталган министрликтин маалыматында 2025-жылдын 11 айында өлкөдө 18,5 миң тоннага жакын өсүмдүк майы өндүрүлгөн.

"Кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүү импортту кыскартууга жана ички өндүрүштүн мындан ары өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Министрлик май өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү сортторун жайылтуу иштерин жүргүзүүдө. Учурда АКШдан, Орусиядан, Казакстандан жана Түркиядан келген жаңы сорттор сыноодон өтүүдө", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Маалыматта өлкө аймагында Петрович сортундагы сафлор өстүрүлө баштаганы белгиленген.

Өсүмдүктөн май алуу үчүн айрым ишканаларга БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы колдоо көрсөткөн. Эл аралык уюмдун жардамы менен Ак-Талаа районундагы ишканага Түркиядан жабдыктар сатып алынган. Өткөн жылы ишкана 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштеткен. Учурда майдын литри 200 сомдон сатылууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылы сафлор 9804 гектар аянтка эгилип, андан 10 667,6 тонна түшүм жыйналганын билдирген. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 10,9 центнерди түзгөн.

Министрлик сафлор кургакчылыкка туруктуу экенин белгилеп, аны айрыкча асылдуулугу төмөн жайыттарга айдоого чакырып келет.

Сафлор - тамак аш, фармацевтика жана айыл чарба өндүрүшүндө кеңири колдонулган өсүмдүк. Сортуна жараша андан 30-40% чейин май сыгып алса болот. Май алгандан кийинки калдыктан малга тоют жасалат. (ST)






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net