Трамп Нигерияда америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урганын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп анын буйругу менен америкалык аскерлер Нигериянын түндүк-батышында "Ислам мамлекети" террордук уюмуна чабуул жасаганын билдирди.
Ал Truth Social социалдык тармагына өзү "террорчу наадандар" деп атаган жихадисттер "бир канча жыл бою негизинен бейкүнөө христиандарга кол салып. fkfhls мыкаачылык менен өлтүрүп келген" деп жазды.
"Мен буга чейин ошол террорчуларга эгер христинадарды өлтүрүүнү токтотпосо катуу жазаланарып эскерткем, азыр ошол ишке ашып жатат. Согуш министрлиги Кошмо Штаттарынын гана колунан келчү көптөгөн кынтыксыз соккуларды жасады. Кудай биздин аскерлерди колдосун? баарыңарга, анын ичинде жантаслим болгон террорчуларга lfus бактылуу Рождество каалайм",-деп жазды Трамп.
Трамп кайсы объекттер бутага алынганын тактаган жок.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Африкадагы командачылыгы (AFRICOM) Х тармагына сокку "Нигериянын бийлигинин өтүнүчү менен жасалганын" жазды. Бирок баштапкы билдирүүдө "Собото" деген штаттагы объекттерге чабуул жасалганы жазылган. Нигерияда мындай аталыштагы штат жок, бирок өлкөнүн түндүк-батышында Сокото деген аймак бар жана ал жакта мусулмандар басымдуулук кылат. Штатта жихадисттер маал-маалы менен чабуул жасалып турат.
АКШнын Куралдуу күчтөрү кийинчерек шаттын аталышын оңдогон.
Калкынын жарымынан көбү жакырчылыкта жашаган Нигерияда адамдарды тобу менен уурдап, акча талап кылган учурлар көп катталат. Байкоочулар бул бизнестин бир түрүнө айланган кылмыш экенин, бирок кылмышкерлер көпчүлүк учурда жоопко тартылбай каларын айтып келишет. Ислам динине жамынган ар кандай куралчан радикал топтор фермерлерге, саякатчыларга, окуучуларга кол салышат. Кээде бүтүндөй бир кыштакты да талкалап кетишет.
