Добавить новость
123ru.net
World News
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Садыр Жапаров делегаттарды бийликти мактабоого, маселенин ток этерин айтууга чакырды

0

Садыр Жапаров курултайда жарыш сөзгө чыкчу делегаттарга кайрылып, дароо маселенин ток этер жерин айтууга, бийликке ачык сын-пикир билдирүүгө чакырды. Ал ошондой эле бир райондун акими курултайга делегат шайлоого кийлигишкенини тууралуу маалымат териштирилип жатканын, ага чара көрүлөрүн билдирди.

"Баштаганда эле биринчи учурашасыңар, жаңы жыл менен куттуктайсыңар, дагы бир нерселерди айтасыңар, анан кимдин айылында жакшы иш жүрүп жаткан болсо бийликти мактап баштайсыңар. Ошентип жарым убактыңарды жеп коесуңар. Бүтпөй калдым деп, дагы убакыт сурап, дагы бир мүнөт убакыт жейсиңер. Бийликти мактабагыла, биз мактоого муктаж эмеспиз. Эгер мактасаңар оппозиция менен НПОлорго дагы кудай берет. "Мына дүжүрлөрдү чогултуп алыптыр, мактатты, антти-минтти" дешет. Эл силерди маселени, көйгөйдү айткыла деп жиберди. Маселеңерди дароо айткыла. Кемчилик болсо ушул жерден ачык айтып, сындагыла. Курултайда сындагы деп силерге аким дагы, губернатор дагы, эч кимиси тийише албайт. Мага бир райондун акими делегат шайлоого киришкенин билип калдым. Биз азыр териштирип жатабыз. биз аны жазалайбыз",-деди Жапаров.

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда IV курултай өтүп жатат. Ага ар кайсы аймактан, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын шайланып келген 690 делегат катышууда. Курултайдын биринчи күнүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгары белгилүү болгон. Садыр Жапаровдон сырткары Жогорку Кеңештин спикери, Министрлер кабинетинин төрагасы дагы сөз сүйлөйт.

Курултайдын экинчи күнүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке курултайдын өкүлү шайланат. Ошондой эле делегаттардын жарыш сөзү уланат. Соңунда Садыр Жапаров жыйынтыктоочу сөз сүйлөйт.

Мабеткерим Чекиров Улуттук телерадиокорпорациясынын кабарчысы, Замирбек Көчөрбаев "Кырк чоро" кыймылынын жетекчиси катары белгилүү. Ал эми Байболот Абытов тарых илимдеринин доктору.

2024-жылы үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтүп, ага 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркек, 161и аял жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү болгон. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болгон.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Анда делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда, үчүнчүсү да былтыр декабрда өткөн.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net