Добавить новость
123ru.net
World News
Декабрь
2025

Маданият министринин орун басары Тагаев ЦУМдун жанына үч кабат имарат курулганын сынга алды

0

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун (ЦУМ) жанындагы үч кабаттуу имараттын курулушун сынга алды. Ал бул тууралуу Чүй көчөсүндөгү мурдагы "Ай-Пери" тиричилик үйү оңдолуп-түзөтүүдөн кийинки абалы менен таанышып жатып айтты.
Тагаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу вьетнамдык ишкерлер бул имараттын ичиндеги "Аялзат" мозаикасын сактап калганы үчүн ыраазычылык билдирген. Муну инвесторлордун кыргыз тарыхый-маданий мурасына мамилеси катары сыпаттаган. Тагаев ошол эле маалда ЦУМдун жанындагы үч кабаттуу имарат алынып, орду жашыл аянтка айланышы керектигин билдирген.

"Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурдагы "Ай-Пери" тиричилик үйүн вьетнамдык инвестор сатып алып, толугу менен оңдоп, айрым жерлерин реставрация кылган экен. Мен интернеттен сүрөтүн көрүп келдим. Бул мозаика "Аялзат" деп аталат экен. Биздин кадимки улуу сүрөтчү Герцендин эмгеги экен. Вьетнамдык компания бул мозаиканын бетин толук жаап, лед-экран деле орнотуп койсо болмок, же арзан материал менен каптап салса деле болмок. Бирок андай кылбастан кыргыздын маданиятына, тарыхына абдан сый мамиле кылып, сый мамиледен дагы мурда бул абдан мыкты мозаика экенин түшүнүп, аны толугу менен калтырды. Имараттын сыртын дагы жакшы оңдошуптур. Ал жерди деле бузуп салышса болмок, тротуарына болсо бир куту коюп салышса болмок, мурдун балта кеспей, бир көпкөн чалдардын кылып жаткан ишин кылса болмок. Мен кечээ ЦУМдун жанынан өтүп баратып абдан кейидим. Жолдун алдына эч кандай маселе жок. Бирок ЦУМдун жанындагы сонун гүл өсүп турган жээкке, тротуарга кенебестиктин, мыйзамсыздыктын, ушунчалык тоготпостуктун, бир сөз менен айтканда чектен чыгуунун көрүнүшү катары үч кабат имараттын салынышы өтө кейиштүү нерсе. Бул абдан жагымсыз окуя. Бул имарат түпкүлүгүндө кийин жок болушу керек. Ал жерде кайрадан гүлдөр өсүп, адамдар жөө басып, жаштар сейилдөөчү жакшы жайга айланышы керек деп эсептейм", - деди Тагаев.

Марат Тагаевдин бул билдирүүсүнө ошол имаратты салып жаткан ишкер, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев жооп бере элек.

Курулуш жүрүп жаткан жерге ушул айдын башында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев барган. Анда социалдык тармактардагы аталган курулушка байланыштуу айтылган сын-дооматтан улам келгенин билдирген.

Ташиев Түлеевге жолго чыгып кеткен, планда каралбаган курулуштарды алууну тапшырган. Долбоордо эки эле кабат имарат курулушу керектигин белгилеп, үчүнчү кабатты алууну табыштаган. Көп өтпөй имараттын үстүңкү кабаты бузулуп жатканы айтылган.

Бишкек мэриясы ушул жылы март айында 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирген. Анда Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөрүн билдирген.

“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.

Буга чейин Түлеев жол 1-декабрдан тартып ачыларын билдиргени менен азыркыга чейин жабык турганы соцтармактарда талкуу жаратып жаткан. Ошондой эле жол ичкерип кеткени айтылып, жашыл зонанын ордуна үч кабаттуу имараттын курулушу дагы сынга кабылган.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net