Добавить новость
123ru.net
World News
Сентябрь
2025

Токаев АЭСтерди курууда уран маселесине көңүл буруу керектигин билдирди

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Илим жана технологиялар боюнча улуттук кеңештин жыйынында атомдук электр станцияларын (АЭС) куруу маселеси тууралуу дагы сөз кылды. Анда өкмөткө мындай долбоорду ишке ашырууда эң ириде Казакстандын кызыкчылыгын коюуну тапшырды. Токаев ошондой эле расмий Астана бир эле АЭС куруу менен эле чектелбесин,"азыртадан эле экинчи жана үчүнчү атомдук электр станцияларын курууну пландоого киришүү" зарылдыгына токтолду.

"Кол коюлуп жаткан бардык келишимдер акыйкат, тен салмактуу жана жемиштүү болушу керек. Биздин жаратылыш байлыктарыбыздын, тактап айтканда урандын ойлонбостон, натыйжасыз пайдаланышына жол бербөө керек. Мен бүгүн биздин илимпоздордун жана жалпы эле окумуштуулар коомчулугугун көңүлүн ушул өтө маанилүү маселеге атайлап буруп жатам. Кытайдын төрагасы менен жолугушууда эки өлкөнүн атомдук энергия жаатындагы кызматташуусун кеңейтүүнү макулдашканбыз. Кытайдын өзүндө жакынкы 15 жылдын ичинде жаңы 76 реактор ишке берилет. Биздин чыггыштагы коңшубуз бул жаатта дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат",-деди Токаев

Өткөн айда Казакстандын вице-премьер-министр Роман Скляр "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып өлкөдөгү экинчи жана үчүнчү АЭСтерди Кытай курарын билдирген. Анда АЭСтер курула турган жерлер аныкталып жатканын, бул иштер ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин айткан.

Анын алдында Казакстандагы биринчи АЭСти орусиялык "Росатом" ишканасы курары белгилүү болгон. Мекеме аралык комиссия бул компаниянын шарт-сунуштары "көбүрөөк төп келет" деп тапкан жана Атомдук энергия агенттигинин башчысы Алмасадам Саткалиев Казакстан ушул жылдын аягына чейин Орусия менен АЭС куруу тууралуу макулдашууга кол коёрун билдирген.

Казакстанда АЭС курууга кызыкдар компаниялардын катарында Орусиянын "Росатом", Кытайдын CNNC, Франциянын EDF жана Түштүк Кореянын KHNP ишканалары аталган.

Ушул жылдын башында казак өкмөтү өлкөдөгү биринчи АЭС салына турган аймак катары Алматы облусунун Жамбыл районун тандаган. Буга чейин АЭС салууга ыңгайлуу жер катары айтылып жүргөн Балкаш көлүнүн айланасындагы Үлкөн айылы да ушул районго карайт.

Былтыр октябрда Казакстанда АЭС курууга байланыштуу референдум өткөн. Расмий маалыматка ылайык, анда добуш бергендердин 71% мындай сунушту колдогон.

Казак коомчулугунда мындай станциянын курулушуна каршылар чыгып, нааразылык акцияларды өткөргөн. Алар өзөктүк реакторлор иштеп чыккан электр энергиянын тарифи кымбат болорун, калдыктарды жок кылууда маселе жараларын айтып келишет.

Бир катар экологдор жана юристтер региондогу сейсмологиялык активдүүлүктү эске алганда Балкаш көлүнүн жээгинде АЭС куруунун тобокелчиликтери бар экенин эскертишкен.






Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net